ИИМ: Чет өлкөдө жана Кыргызстанда мыйзам сактоо боюнча негизги кеңештер

ИИМ: Чет өлкөдө жана Кыргызстанда мыйзам сактоо боюнча негизги кеңештер

Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын чет өлкөгө чыгып жаткан жарандары жана өлкөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандар чет мамлекеттин мыйзамдарын, коомдук тартипти жана каада-салттарын урматтоого милдеттүү экендигин эскертет. Белгиленген эрежелерди билбөө же кайдыгер мамиле кылуу административдик же кылмыш жоопкерчилигине алып келиши мүмкүн.

Кыргызстандыктарга жана чет элдик жарандарга мыйзамдардын өзгөчөлүктөрүн алдын ала окуп чыгуу, коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин сактоо, ошондой эле Кыргызстандын элчилиги же консулдугунун байланыш номурларын билүү сунушталат. Өзгөчө кырдаалдарда, документтерди жоготууда же жагымсыз окуяларга туш болгондо тийиштүү аракеттерди билүү маанилүү.

Чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасына келгенде жергиликтүү мыйзамдарды, калктын каада-салттарын урматтап, коомдук тартипти бузбоого, баарлашууда сылык болууга тийиш. Мындай мамиле түшүнбөстүктөрдү жана чагымчыл аракеттерди алдын алат.

Мамлекеттик чек арадан өтүү эрежелерин сактоо, бажы документтерин так толтуруу жана бейтааныш адамдардын буюмдарын ташып берүү өтүнүчүнө баш тартуу бардыгы үчүн милдеттүү. Кээ бир товарлар, заттар же дары-дармектер чет мамлекетте тыюу салынган же чектелген болушу мүмкүн, андыктан алдын ала маалымат алуу зарыл.

Көп эл чогулган жерлерде жеке коопсуздук чараларын сактоо, документтерге көз салуу жана чыр-чатактуу кырдаалдардан качуу сунушталат. Эгер кармалып калсаңыз, укук коргоо органдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарып, дипломатиялык же консулдук мекемеңиз менен байланышууну унутпаңыз.

Кыргызстандыктар чет өлкөдө жана чет элдик жарандар Кыргызстанда мыйзамдарды сактап, туура жүрүм-турумду карманса, коопсуздукту камсыз кылуу жана ыңгайлуу чөйрөнү түзүү жеңил болот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өнөр жай көргөзмөсү өтөт

Кыргызстанда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өнөр жай көргөзмөсү өтөт

Экономика жана коммерция министрлиги менен BiExpo көргөзмө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту. Ведомстводон билдиришкендей, документке министр Бакыт Сыдыков жана компаниянын директору Виктор Линовицкий кол койду. Келишимдин алкагында 4–6-июнда Бишкек шаарында эл аралык көп тармактуу өнөр жай көргөзмөсүн өткөрүү пландалууда. Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин

Лариса Долина батири боюнча  176 млн рубль өндүрүп берүү талабын коюп сотко кайрылды

Лариса Долина батири боюнча 176 млн рубль өндүрүп берүү талабын коюп сотко кайрылды

Ал мүлктүк чыгымды өндүрүп алуу боюнча доо арызын Москванын Балашиха шаардык сотуна жолдогонун соттун басма сөз кызматы билдирген. Доо арызда жоопкер катары А. Н. Цырульникова, Д. М. Леонтьева, А. И. Каменецкий жана А. Д. Основа көрсөтүлгөн. Буга чейин сот аларды өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылдан

Кытай компаниясы Кыргызстандын көчө жарыктарын жаңылоого кызыкдар

Кытай компаниясы Кыргызстандын көчө жарыктарын жаңылоого кызыкдар

Бүгүн президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдын Longteng Lighting Group Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолукканын агенттиктен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын өкүлдөрү архитектуралык жана шаардык жарыктандыруу тармагында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эл аралык тажрыйбалары менен тааныштырышты. Тактап айтканда, компания BRICS жана Shanghai Cooperation Organization саммиттери сыяктуу

Айдоочу "Нурайымы" үчүн 55 миң сом айып пул төлөмөй болду

Айдоочу "Нурайымы" үчүн 55 миң сом айып пул төлөмөй болду

Бишкек шаарында Lexus GX470 үлгүсүндөгү жолтандабас унаанын айдоочусу жасалма мамлекеттик номер колдонгону үчүн жоопкерчиликке тартылганын Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын(ЖКККБ) басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 16-март күнү саат 14:00 чамасында унаа патрулдук кызматкерлер тарабынан токтотулган. Унаага орнотулган номердин ордуна "Нурайым" деген жазуусу бар