Бишкекте 218,5 миң даана жоогазын отургузулууда
"Бишкекзеленстрой" муниципалдык ишкана күзгү гүл отургузуу иштерин баштады. Мэриянын маалыматына караганда, 2026-жылдын жазында борборду 218,5 миң даана жоогазын кооздойт.
Гүлдүн луковицалары жылуу мезгил келгенде жакшы гүлдөшү үчүн күзүндө алдын ала отургузулуп жатат. Агрономдор кызыл, кызгылт, ак, сары жана кочкул кызгылт өңдөгү түрлөрдү отургузууда. Мындан тышкары, 2 миң дана жаңы декоративдик сорттор да пландаштырылган.
Гүлдөр төмөнкү негизги аймактарга жайгаштырылууда:
- борбордук көчөлөр жана аянттар;
- айланма жолдордун кесилиштери;
- парктар жана скверлер.
Адистер агротехникалык талаптарды сактап иштеп жатышат. Максат — жазында шаарда көрктүү жана бирдиктүү гүл көрүнүшүн түзүү. "Бишкекзеленстрой" шаар тургундарын жашыл аймактарды коргоого чакырып, гүлдөрдүн пиязчаларын казбоону, гүлзарларды тебелебөөнү өтүндү.