Ош шаарынын мэри ишкерлер менен инвестиция тартуу маселесин талкуулады

Ош шаарынын мэри ишкерлер менен инвестиция тартуу маселесин талкуулады

Күн мурун Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаарда иш алып барган бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, ишкердикти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаар аймагында иш алып барган бизнес өкүлдөрү менен жолугушуп, ишкердикти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу маселелерин талкуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаар башчысы өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан коюлган милдеттердин алкагында Ош шаарына инвестиция тартуу багытындагы иштер күчөтүлүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле ишкерлер шаар башчысына өз сунуш-пикирлерин айтып, ишкердик жүргүзүүдө кездешкен айрым маселелерди көтөрүштү. Мэр бул маселелерди кароо жана ишкерлерге көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилерин билдирди.

Жанарбек Акаев мындай жолугушуулар ишкерлер менен тыгыз байланыш түзүү жана шаарда бизнес чөйрөнү жакшыртуу максатында мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүлүп турарын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев: "Жол тармагына каржылоо 60 млрд сомго жетти"

Адылбек Касымалиев: "Жол тармагына каржылоо 60 млрд сомго жетти"

Бүгүн, 30-октябрь – автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Майрамдык иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы сатып алынган элүүдөн ашуун атайын техниканын ачкычын тапшырды.  Министр Талантбек Солтобаев самосвал, автогрейдер, жүктөгүчтөр сыяктуу атайын техникалар тууралуу маалымат берди. Анда Адылбек Касымалиев мындай машиналар

Ишкер Media
Быйыл айыл чарбасы үчүн 12,6 млрд сомдон ашык насыя берилди

Быйыл айыл чарбасы үчүн 12,6 млрд сомдон ашык насыя берилди

Кыргызстанда 2026-жылы агроөнөр жай комплексин каржылоого 12,6 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди. 2026-жылы агроөнөр жай комплексин жеңилдетилген каржылоо боюнча 8 долбоор ишке ашырылууда. Маалыматка ылайык, кредиттердин жалпы суммасы 12 млрд 614,3

Ишкер Media
Бишкекте 2 миңге чукул көп кабаттуу үйгө жылуулук берилди

Бишкекте 2 миңге чукул көп кабаттуу үйгө жылуулук берилди

Бишкек шаарында 29-октябрда 1 870 көп кабаттуу турак үй жылытуу системасына кошулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы жылуулук системасындагы гидравликалык режимдерди жөнгө салуу жана абоненттерди жылытуу системасына бирдей шартта кошуу иштерин жүргүзүүдө. Жылуулук менен камсыздоо системасын децентралдаштыруунун алкагында № 10 кичи район толугу

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн бир күндө 3100 метр тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн бир күндө 3100 метр тор чыгарылды

29-октябрда Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы 3100 метр эски синтетикалык балык уулоочу тор жана 40 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, көлдү тазалоо иштеринин жүрүшүндө алгач 2500 метр эски тор жана 40 килограмм таштанды чыгарылган. Мындан тышкары, Жаркымбаев, Өрүктү жана Чоң Өрүктү айылдарынын аймагында браконьерликке

Ишкер Media