Бишкекке жаңы автобустардын экинчи партиясы келди
Бүгүн ЕРӨБдин “Жашыл шаар” долбоорунун алкагында Бишкек шаарына жаңы автобустардын экинчи партиясы келип жетти. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Аталган долбоордун алкагында жалпысынан 95 автобус алынып жатат. Буга чейин 20 даана автобус келген болсо, бүгүн кошумча 8 даана жеткирилди. Жалпы эсеп менен азыр Бишкек шаарына 28 даана жаңы автобус келип жетти.
Калган автобустар жакынкы аралыкта шаарга жеткирилет деп айтылат маалыматта.