Бухарада жугуштуу эмес оорунун тобокелдиктерин азайтуу ыкмалары талкууланды. Кыргызстан эмне сунуштады?

Бухарада жугуштуу эмес оорунун тобокелдиктерин азайтуу ыкмалары талкууланды. Кыргызстан эмне сунуштады?

 Бухарада эксперттердин эл аралык тегерек столу өткөрүлүп, ага Өзбекстан, Кыргызстан, Беларусия, Россия жана башка өлкөлөрдүн адистери катышып, жугуштуу эмес ооруларды алдын алуунун заманбап ыкмаларын талкуулашты. Талкуунун негизги темасы болуп жаман адаттын кесепетин төмөндөтүүчү реалдуу инструмент -зыяндуулукту азайтуу концепциясы болду.   

Жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу: реалдуу сценарийге акцент

Жугуштуу эмес оорулар (ЖЭО) дүйнө жүзү боюнча өлүмдүн негизги себеби бойдон калууда. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматына ылайык, ал бардык учурлардын 70% дан ашыгын ээлейт. Тегерек столдо эксперттер белгилегендей, коомдун саламаттыгы бир гана генетикага байланыштуу эмес. Ага абанын булганышы, радиация жана саламаттыкты сактоонун жеткиликтүүлүгүнүн теңсиздиги сыяктуу ар кандай тышкы факторлор да таасир этет. Жугуштуу эмес оорулардын пайда болуу тобокелдигиндеги дагы бир маанилүү фактордун бири - жаман адат болуп саналат.

Мындай шарттарда элдин жүрүм-турумунун реалдуу моделин эске алган ыкма барган сайын маанилүү болуп баратат. Медициналык адистер белгилегендей: тигил же бул себептерден улам жаман адаттан толугу менен арыла албагандардын тобокелдик факторуна болгон таасирди жумшартууга зыянды төмөндөтүүчү концепция жардам берет.

Бул ыкманын маңызы өтө зыяндуу азыктар — алкоголдук ичимдик, ден соолукка зыяндуу тамак аш, тамекиден — зыяндуулугу азыраак альтернативага акырындык менен: алкоголдук ичимдикти чектөө, тең салмактуу тамактануу жана түтүнсүз продуктыларга өтүү саналат. Бул ыкма саламаттыкты сактоо системаасынын жүгүн азайтып, жашоо сапатын жакшыртат. 

Тамеки чегүү тобокелдиктин негизги фактору катары 

Тегерек столдо тамеки чегүүгө өзгөчө көнүл бурулду. Бул – көптөгөн жугуштуу эмес оорулардын өнүгүшүнө маанилүү жана ошол эле учурда модификацияланган тобокелдик фактор болуп саналат.

Тобокелдиктерди модификациялоо боюнча медициналык адистер Ассоциациясынын өкүлү (Россия), медицина илимдеринин доктору Григорий Точильников жекече мамилесиз катуу тыюу салуулар көбүнчө тескери натыйжа берип: бейтаптар дарыгерди карабай кетишет же консультация алуудан баш тартышат. Ал ден соолукка таасири этиши мүмкүн болгон зыянды азайтуу үчүн маалымат берүүнү гана жогорулатпастан, далилдерге негизделген, реалдуу чечимдерди сунуштоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Окумуштуулар булардын катарына заманбап түтүнсүз азыктарды, анын ичинде ысытылган тамеки системаларын (ЫТС) келтиришет.

Тамекинин негизги зыяны никотинде эмес, күйүүчү продуктуларда — канцерогендер, чайыр жана көмүртек кычкылына байланыштуу экени эчак далилденген. Республикалык улуттук пульмонология борборунун (Беларусь) директорунун орун бсары Дмитрий Рузанов ысытылган тамеки системалары боюнча бир топ изилдөөлөр топтолгонун, бул түтүнсүз продукциялардын организмге анча зыяндуу эместигин күбөлөндүрүп турганын белгиледи. Тажрыйба көрсөткөндөй, ЫТС аэрозолдогу уулуу компоненттердин курамы тамекинин түтүнүнө салыштырмалуу болжол менен 95% га азайган.

Кыргызстан: ЖЭО өлүмдүн түзүлүшүнө түрткү берип жатат, бирок зыянды азайтуу саясаты азырынча колдонулган жок 

“OPORA” ассоциациясынын (Оптималдуу чечимдерди жана альтернативаларды илгерилетүү ассоциациясы) аткаруучу директору Сардарбек Майрыков кесиптештерине Кыргызстандагы абал тууралуу маалымат берди. 2022-жылдагы статистикага ылайык, ЖЭО өлкөдөгү өлүмдүн 81,4% түзгөн. Анын 52% жүрөк-кан тамыр оорулары, 12,2% онкология жана 5,5% дем алуу органдарынын оорулары менен байланыштуу.

Майрыковдун айтымында, учурда Кыргызстанда зыяндуулукту азайтуу концепциясынын потенциалына болгон түшүнүк жок, ал эми мамлекеттик органдар тобокелдиктин деңгээлине карабастан, бардык түрдөгү тамеки продукцияларын жөнгө салууга бирдей мамилени карманышууда.

"Биз ЖЭОдон улам өлүмдүн жогорку көрсөткүчүн көрүп жатабыз, ошондуктан бизге классикалык алдын алуу гана эмес, көптөн бери жаман адаты барлар үчүн зыяндуулукту азайтуунун кошумча инструменттери керек. Бирок, тамеки буюмдарын жөнгө салуучу дифференциацияланган мамиле азырынча колдонула элек", - деп белгиледи эксперт.

Ал тамеки буюмдарын жөнгө салуу жана тамеки чегүүгө каршы күрөшүү боюнча эл аралык тажрыйбаны мисал келтирди. Мисалы, Жаңы Зеландияда инновациялык никотин технологияларына акциздик салыктарды азайган, ал эми АКШда тамеки чегүүгө анча зыяндуу эмес альтернативалар коомдук колдоого ээ болгон. Чехияда тобокелдикке пропорционалдуу салык салуу жана тамеки чеккендерге тамекини таштоого жардам берүү үчүн түтүнсүз тамеки продукцияларын колдонуу каралууда. Улуу Британия болсо тамеки чеккендерди анча зыяндуу эмес чечимге өтүүгө үндөө үчүн атайын мамлекеттик шыктандыруу иштелип чыкты. Бул мисалдар дүйнөлүк тажрыйба акырындык менен универсалдуу тыюу салуулардан заманбап, илимий негизделген тобокелдиктерди башкаруу моделине өтүп жатканын көрсөтүп турат.

“Кыргызстандагы кырдаалга таасир этүү үчүн, өлкөнүн 10 ири шаарында улуттук изилдөө жана сурамжылоо жүргүзүлүүдө. Долбоордун максаты - мамлекеттик органдарга сунуштарды даярдоо үчүн ысытылган тамекини, никотин камтыган жана түтүнсүз тамеки продукцияларын жөнгө салуу боюнча илимий маалыматтарды жана эл аралык тажрыйбаны талдоо болуп саналат. Келечекте бул маселени тереңирээк түшүнүүгө жана кызыкдар тараптар үчүн төмөндөтүлгөн тобокелдик менен өнүмдөрдү жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу жүйөлүү позиция түзүүгө шарт түзүлөт деп ишенебиз”, - деп кошумчалады Сардарбек Майрыков.

Зыянды азайтуу концепциясы классикалык алдын алууга кошумча катары

Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар тобокелдиктерди азайтуунун жаңы инструменттерин колдонуу тажрыйбасы менен бөлүшүп, зыянды азайтуу концепциясы салттуу алдын алууну алмаштырбастан, аны натыйжалуураак кылаарын белгилешти.

"Алтын стандарт" болуп албетте зыяндуу адаттардан толук баш тартуу саналат. Бирок тамеки чегүүдөн же башка зыяндуу адаттын түрлөрүнөн баш тарта албагандар үчүн зыянды азайтуу принциптери тобокелдикти азайтуунун маанилүү инструменти бойдон калат.

Мындан тышкары окуңуз

Төрөбаев "Түп" картошка өстүрүү борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Төрөбаев "Түп" картошка өстүрүү борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Кечээ, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан “Түп” картошка өстүрүү борборуна барды. Министр борбордун ишмердүүлүгү, картошка сактоо инфраструктурасы жана техникалык базасы менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Борбордун негизги максаты – дыйкандарды сапаттуу жаңы үрөн менен камсыз кылуу

Долпран алтын кенинин башкы директору кармалды

Долпран алтын кенинин башкы директору кармалды

Кемин районундагы Долпран алтын кенинин башкы директору, кытай жараны Т.Д. кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматта белгиленгендей, Т.Д. жетектеген “Кемин Ресурс Групп” ЖЧКсынын ишинде көптөгөн мыйзам бузуу фактылары катталган.  Ведомствонун маалыматы боюнча, Жаратылыш ресурстары министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин токой кызматынын өкүлдөрүнөн турган комиссия Долпран алтын кенинде төмөндөгүлөрдү

Бишкекте кыргыз-австрия жумушчу тобу инновациялык долбоорлорду талкуулады

Бишкекте кыргыз-австрия жумушчу тобу инновациялык долбоорлорду талкуулады

Күн мурун Бишкек шаарында КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Австриянын Федералдык каржы министрлиги түзгөн Меморандумдун алкагында кыргыз-австриялык биргелешкен жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп өттү. Министрликтин маалыматына ылайык, жыйында тараптар тоо-кен тармагы, минералдык ресурстар жана инновациялык технологиялар боюнча кызматташтык багыттарын талкуулашты. Алдыңкы тажрыйбаны алмашуу, заманбап технологияларды киргизүү

МинКаб башчысы "Торугарт-1дин" көмүрүн экспортко чыгарууну тапшырды

МинКаб башчысы "Торугарт-1дин" көмүрүн экспортко чыгарууну тапшырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Торугарт” көзөмөл өткөрүү пунктунун жана “Торугарт-1” көмүр тилкесинин иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма өз кызматынан билдиришти. Иш сапар алгач “Торугарт” көзөмөл өткөрүү пунктундагы жаңы оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилген жөө жүргүнчүлөрдү тейлөө пунктун көрүүдөн башталды. Андан соң Касымалиев