Мыйзамсыз курулуш объектилери аныкталып, 400 миң сом айып салынды

Мыйзамсыз курулуш объектилери аныкталып, 400 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Чүй облусундагы курулуш объектилерин көзөмөлдөнүүдө.

Курулуш министрлигинен билдиргендй, инспекторлор Аламүдүн райондук прокуратурасынын көрсөтмөсүнүн негизинде Кара-Жыгач айылындагы “Чопо-Таш” ЖЧКсы жана “Нурлион Бетон” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан бетон түйүндөрүнө пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган объектилерде талапка ылайык долбоордук-уруксат берүүчү документтердин жоктугу аныкталды. Ошондой эле, компетенттүү органдар менен зарыл болгон макулдашуулары жок экендиги маалым болду.

Натыйжада, административдик чаралар көрүлүп, “Чопо-Таш” ЖЧКсы жана “Нурлион Бетон” ЖЧКсынын ар бирине 200 000 сомдон, жалпы 400 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан сырткары, аныкталган бетон түйүндөрдүн иши мыйзам бузуулар толугу менен жоюлганга чейин токтотулду.

Кошумчалай кетсек, башкармалык тарабынан аталган факт боюнча өз алдынча курулган объектилерди бузуу жөнүндө сотко доо арызы да берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда айыл чарба продукциясы 29,8 млрд сомго жетти

Эки айда айыл чарба продукциясы 29,8 млрд сомго жетти

Быйыл январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда экономикалык өсүштүн оң динамикасы сакталууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына ылайык, ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 264,1 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 108,8 % болду. Айыл чарба тармагында эки ай ичинде 29,8 млрд сомдук

"Дордой" базарынын дал ортосунан өткөн жаңы жол курулат

"Дордой" базарынын дал ортосунан өткөн жаңы жол курулат

Бишкектеги "Дордой" базарынын ички инфраструктурасын жакшыртуунун алкагында Ибраимов жана Элебесов көчөлөрүн туташтыруучу жаңы жолду, ошондой эле борбордук өтмөккө чейинки кошумча жолду салуу пландалып жатканын калаа мэри Айбек Жунушалиевдин "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Тараптар базардын ички инфраструктурасын өнүктүрүү жана көрктөндүрүү маселелерин

Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитети кайырчылыкка каршы мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Мыйзам долбооруна ылайык, Укук бузуулар кодексине кайырчылыкка байланыштуу жаңы нормаларды киргизүү сунушталууда. Ага ылайык: * жолдун жүрүүчү бөлүгүндө кайыр сурагандыгы үчүн, * же коомдук жайларда адамдарга жабышып, акча же жардам сурагандыгы үчүн жаза

Бишкектеги №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкектеги №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында оптимизациялоо иштеринин алкагында, 2026-жылдын 18-мартынан тартып №195 каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Буга ылайык, аталган каттам мындан ары Бөкөнбаев көчөсү аркылуу эмес, Логвиненко көчөсү аркылуу өтөт. Урматтуу шаар тургундары жана коноктору, киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алып, сапарларыңызды алдын ала пландап алууну өтүнөбүз. Ошондой эле коомдук транспортту