"Спартак форель" кооперативи жылына 20 тонна балык өндүрүп жатат

"Спартак форель" кооперативи жылына 20 тонна балык өндүрүп жатат

Кыргызстанда акыркы жылдары балык чарбачылыгы, анын ичинде форель өстүрүү багыты туруктуу өнүгүп жатат. Ички рыноктогу суроо-талаптын өсүшү жана жаңы чарбалардын ачылышы тармактын динамикасын арттырууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, форельдин баасы аймакка, логистикага жана балыктын салмагына жараша өзгөрөт. Өндүрүш көлөмүнүн жогорулашы рыноктогу баанын туруктуулугуна да оң таасир берип келет.

Тармакта ийгиликтүү иштеп жаткан чарбалардын бири — Токмок шаарындагы “Спартак форель” айыл чарба кооперативи. Бул чарба балыкты майда чабактай кезинен тарбиялап, 200–300 грамм салмакка жеткенде башка чарбаларга өстүрүүчү материал катары сатат. Ал эми 1,5 килограммдан жогору форель товардык балык болуп, ички рынокко жөнөтүлөт.

Кооператив жылына орто эсеп менен 20 тонна товардык форель өндүрөт жана продукциясын негизинен жергиликтүү рынокто сатат. Учурда Кыргызстанда жылдык форель керектөөсү 5–10 тоннаны түзөт.

Жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн активдешүүсү, суроо-талаптын өсүшү жана рыноктун туруктуулугу өлкөдө форель чарбачылыгынын мындан ары кеңейишине шарт түзүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;