Токтогулдагы Сары-Таш каналынын 1500 метрине бетон полотно төшөлдү

Токтогулдагы Сары-Таш каналынын 1500 метрине бетон полотно төшөлдү

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Сары-Таш каналы узундугу 3500 метр, суу өткөрүмдүүлүгү 1,5 м³/сек болгон маанилүү сугат каналы болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө ал 250 гектар айдоо аянтын сугат суу менен камсыздайт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Канал жерден казылып жасалгандыктан, жыл сайын камыш өсүп, суу өткөрүмдүүлүгүн төмөндөтүп, сугат суунун жеткиликтүүлүгүнө тоскоолдук кылчу. Бул маселе 2024-жылы өткөн 3-Элдик Курултайда көтөрүлүп, каналга бетон полотно төшөө пландалган.

Учурда каналдын 1500 метр аралыгына жаңы ыкма менен бетондук полотно төшөлүп, иштер толугу менен аяктады. Бул чара сугат суусун үзгүлтүксүз жеткирүүгө мүмкүндүк берип, айдоо аянттардагы суу тартыштыгын азайтууга шарт түзөт.

Жаңыланган канал аймактагы дыйкандардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, айыл чарба тармагынын туруктуу өнүгүшүнө салым кошору күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Сокулукта 3,8 млн сомдук алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Сокулукта 3,8 млн сомдук алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Сокулук районунда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде Сокулук райондук милициясына Р.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 15-февралында чала таанышы андан жалпы баасы 3 853 000 сомду түзгөн мал жандыктарын карызга алып кеткенин билдирген. Анын

Кочкордо 500 орундуу жаңы мектеп курулуп, пайдаланууга даярдалууда

Кочкордо 500 орундуу жаңы мектеп курулуп, пайдаланууга даярдалууда

Курулуш министрлиги тарабынан Нарын облусунун Кочкор районундагы Арабаев атындагы мектепке 500 орундуу жаңы мектеп имараты салынды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Мектептин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Учурда имаратты эмерек менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө. Жаңы мектептин жалпы аянты 4136 чарчы метрди түзүп, үч кабаттан турат. Окуучулар үчүн заманбап

Манас районунда 1350 метр жаңы сугат каналы казылды

Манас районунда 1350 метр жаңы сугат каналы казылды

Талас облусунун Манас районуна караштуу Арал айылынан түшкөн өзөндүн суусун М1 насостук станциясынын каналына багыттоо үчүн 1350 метр жаңы канал казылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул долбоордун негизги максаты — насостук станциянын электр энергиясын үнөмдөө жана сугат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу

Чолпон-Атада мыйзамсыз реконструкция үчүн 200 миң сом айып салынды

Чолпон-Атада мыйзамсыз реконструкция үчүн 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объектилеринин мыйзамдуулугуна туруктуу көзөмөл жүргүзүлүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарынын Совет көчөсү 283 дарегинде жайгашкан май куюучу станцияны реконструкциялоо иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлгөнү аныкталды. Ошондой эле курулуш талаптарын