УКМКнын атын жамынып жарандан 46 миң доллар алдап кеткендер кармалды

УКМКнын атын жамынып жарандан 46 миң доллар алдап кеткендер кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 1978-жылы туулган С.И.И. жана 1982-жылы туулган А.А.Б. аттуу жарандар УКМК төрагасынын орун басарынын атын жамынып, К.Д. аттуу адамга карата козголгон кылмыш ишин токтотууну убада кылып, алдоо жана ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу аркылуу жалпысынан 46  миң АКШ долларын ээлеп алышканын маалымдайт.

УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча кылмыш иши козголуп, аталган кылмышка тиешеси бар алты адам аныкталып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК мамлекеттик органдардын жетекчилеринин атын колдонуу менен мыйзамсыз аракеттерди жасоого жана жарандарды адаштырууга аракет кылган адамдар белгиленген тартипте жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Мындан тышкары окуңуз

Чым-Коргон айылында жаңы мал базар ачылды

Чым-Коргон айылында жаңы мал базар ачылды

Чым-Коргон айылындагы ишке кирген мал базарга эки күндө жалпысынан 10 миңдей киши келгенин айыл аймагынын башчысы Алмазбек Дубанаев "Кабар" маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, буга чейин убактылуу уюштурулган Чүй районунун Виноградное айылындагы мал базар бүгүн иштеген эмес. "Жалпы бөлүнгөн аянт 11 гектарды түзөт, анын 6 гектарын мал

Курулуш эрежелерин сактабаган “Зам-Зам билдингдин” лицензиясы токтотулду

Курулуш эрежелерин сактабаган “Зам-Зам билдингдин” лицензиясы токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, 17-январдан тарта курулуш объектилеринде мыйзам талаптарынын сакталышын, иштердин сапатын жана коопсуздугун текшерүү максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарындагы Севастопольская көчөсү 8, Славян көчөсү 6/1 жана Фурманов көчөсү 13 даректеринде курулуп жаткан 14 кабаттуу турак жай комплексинде

Мамлекетке 530 млн сомдон ашык каражат жана мүлк кайтарылды

Мамлекетке 530 млн сомдон ашык каражат жана мүлк кайтарылды

Мамлекеттин пайдасына 530 млн сомдон ашык каражатка бааланган мүлктөр өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, мэриялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пайдасына 185 млн 588 миң сом өндүрүлдү. Ошондой эле аткаруу өндүрүшүнүн алкагында мамлекеттин пайдасына жалпы баасы 344 млн

Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды

Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды

23-январда Ашхабад шаарында өткөн СПЕКА жумалыгынын алкагында Программанын Башкаруу кеңешинин 20-сессиясы жана СПЕКА Фондунун Башкаруу комитетинин экинчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды. Төрагалык Кыргызстан үчүн эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө, улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө жана Программанын туруктуу