Бишкек – Хэнань: суу жана коммуналдык кызматташтыкты өнүктүрүү

Бишкек – Хэнань: суу жана коммуналдык кызматташтыкты өнүктүрүү

Кечээ, 26-ноябрда Бишкек шаарынын мэриясында Кытайдын Хэнань провинциясынан келген делегация менен жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Кыргыз тарапты Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нургазы Курманбеков жетектеди. Тараптар кызматташтыкты гидротехникалык курулуш, электр энергиясын өндүрүүчү объектилерди өнүктүрүү, скважиналарды бургулоо жана борбордун суу менен камсыздоосунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, “Бишкексууканал” үчүн заманбап суу эсептегичтерди орнотуу жана муниципалдык адистерди окутуу багыттарында кеңейтүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тажрыйба алмашууга, практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана конкреттүү техникалык чечимдерди иштеп чыгууга өз ара кызыкдар экендигин белгилешти. Бишкек шаарынын мэриясы кытай тарапка биргелешкен иштерге даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Түндүк айланма жолунда чаңды азайтуу иштери күчөтүлдү

Бишкектеги Түндүк айланма жолунда чаңды азайтуу иштери күчөтүлдү

Бишкек шаарынын четиндеги Түндүк айланма унаа жолунда чаңдан арылтуу максатында подрядчы компания тарабынан суу себүү иштери туруктуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Бирок абанын температурасы жогорулап, унаалардын агымы көбөйгөнүнө байланыштуу чаңдын көлөмү да өсүүдө. Учурда суу ташуучу техникалардын саны чаңды толук жана ыкчам басаңдатууга жетишсиз болууда. Ушуга

МинКаб Төрагасы Вашингтондо: энергетика, инвестиция жана IT тармагы көңүл борборунда

МинКаб Төрагасы Вашингтондо: энергетика, инвестиция жана IT тармагы көңүл борборунда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШнын Вашингтон шаарына келди. Сапардын алкагында ал Эл аралык Валюта Фондунун жана Дүйнөлүк Банк тобунун жазгы жылдык жыйындарына катышат. Иш сапар Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушууларга даярдык көрүү менен башталды. Анын ичинде операциялар боюнча башкаруучу директор Анна Бьерде жана Европа жана Борбор

Президент Кара-Сууда элге заманбап соода борборун куруп берүүнү убада кылды

Президент Кара-Сууда элге заманбап соода борборун куруп берүүнү убада кылды

Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен жолугушууларын улантты. Кара-Суу районунда талкуунун эң актуалдуу темасы — жергиликтүү базардын мындан аркы өнүгүүсү болду. Анткени анда айыл тургундарынын басымдуу бөлүгү эмгектенет. Кара-Сууда заманбап соода борбору курулат деп билдирди Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен жолугушууда. Мамлекет башчысынын айтымында,

Президент 268 млн сом инвестициялык каражат салынган "Медимпекс" ишканасына барды

Президент 268 млн сом инвестициялык каражат салынган "Медимпекс" ишканасына барды

Президент кечээ Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө "Медимпекс" медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүчү компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ишкана автоматташтырылган технологияларды колдонуу менен заманбап медициналык продукцияларды чыгарат. Долбоорго салынган жалпы инвестициянын көлөмү 268 млн 550 миң сомду түздү, анын ичинде компаниянын өз каражаттары, ошондой эле фонддордон жана банк секторунан