Digital Farmer Hackathon: Айыл чарбасында IT жана инновация

Digital Farmer Hackathon: Айыл чарбасында IT жана инновация

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 27-ноябрда өтүп жаткан Digital Farmer Hackathon 2025 инновациялык иш-чарасы тууралуу маалымдайт.

Бул хакатон IT-адистерди, жаш иштеп чыгуучуларды, студенттерди, фермерлерди жана агроөнөр жай өкүлдөрүн бириктирип, айыл чарба тармагына багытталган санариптик чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Иш-чаранын максаты — агрардык секторду санариптештирүү жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча жаңы идеяларды колдоо.

Катышуучулар санариптик сервистердин прототиптерин, программалык чечимдерди, маалыматтарды талдоо инструменттерин, ресурстарды башкаруу системаларын жана агрардык өндүрүштү эффективдештирген технологияларды иштеп чыгышууда. Хакатонго студенттер, жаш адистер, программисттер, IT-командалар, дизайнерлер, ишкерлер жана айыл чарбасын санариптештирүү боюнча идеялары бар жарандар катышууда.

Иш-чара APIU, ФАО, Green Light ITS, IBM, Salavat Events жана Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун колдоосу менен өтүүдө. Digital Farmer Hackathon 2025 агрардык тармакка инновацияларды киргизүүгө, жаш кадрларды колдоого жана агротехнологияларды өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Министрлик бардык катышуучуларды тармактын келечегин бирге түзүүгө чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Чым-Коргон айылында жаңы мал базар ачылды

Чым-Коргон айылында жаңы мал базар ачылды

Чым-Коргон айылындагы ишке кирген мал базарга эки күндө жалпысынан 10 миңдей киши келгенин айыл аймагынын башчысы Алмазбек Дубанаев "Кабар" маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, буга чейин убактылуу уюштурулган Чүй районунун Виноградное айылындагы мал базар бүгүн иштеген эмес. "Жалпы бөлүнгөн аянт 11 гектарды түзөт, анын 6 гектарын мал

Курулуш эрежелерин сактабаган “Зам-Зам билдингдин” лицензиясы токтотулду

Курулуш эрежелерин сактабаган “Зам-Зам билдингдин” лицензиясы токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, 17-январдан тарта курулуш объектилеринде мыйзам талаптарынын сакталышын, иштердин сапатын жана коопсуздугун текшерүү максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарындагы Севастопольская көчөсү 8, Славян көчөсү 6/1 жана Фурманов көчөсү 13 даректеринде курулуп жаткан 14 кабаттуу турак жай комплексинде

Мамлекетке 530 млн сомдон ашык каражат жана мүлк кайтарылды

Мамлекетке 530 млн сомдон ашык каражат жана мүлк кайтарылды

Мамлекеттин пайдасына 530 млн сомдон ашык каражатка бааланган мүлктөр өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, мэриялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пайдасына 185 млн 588 миң сом өндүрүлдү. Ошондой эле аткаруу өндүрүшүнүн алкагында мамлекеттин пайдасына жалпы баасы 344 млн

Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды

Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды

23-январда Ашхабад шаарында өткөн СПЕКА жумалыгынын алкагында Программанын Башкаруу кеңешинин 20-сессиясы жана СПЕКА Фондунун Башкаруу комитетинин экинчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды. Төрагалык Кыргызстан үчүн эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө, улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө жана Программанын туруктуу