Эсептөө палатасы эл аралык аудит стандарттарына өтүүдө

Эсептөө палатасы эл аралык аудит стандарттарына өтүүдө

25-ноябрда КРнын Эсептөө палатасы 2023-2025-жылдарда ишке ашырылган Глобалдык отчеттуулук демилгесинин (GSAI) өнөктөштөрүн колдоо долбоорунун биринчи фазасынын жыйынтыктарын чыгарды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

Европа Биримдиги жана Сауд Аравиянын Жогорку аудитордук органынын колдоосу менен Польшанын Жогорку контролдук палатасы (ВОАП) жана IDI менен биргеликте ишке ашырылган долбоор улуттук аудит тутумун модернизациялоого, мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын жана эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Иш-чарада долбоордун жыйынтыктары, методологиялык жаңыртуулар, кадрдык потенциалды жогорулатуу жана санариптик трансформациянын жетишкендиктери сунушталды. Ошондой эле мамлекеттик органдардын, эл аралык эксперттердин жана ЖМКлардын катышуусунда «Жогорку аудитордук органдын көзкарандысыздыгы жана мамлекеттик ресурстарды башкаруудагы ролу» темасында дискуссия өттү.

Эсептөө палатасынын төрагасы жасалган иштердин маанисин белгилеп, бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. Ал GSAI долбоорунун кийинки фазасында да аудиттин отчеттуулугун, көзкарандысыздыгын жана ачыктык деңгээлин жогорулатууга милдеттенгенин баса айтты.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;