Кыргызстандагы жалгыз геологиялык лаборатория заманбап жабдуулар менен жаңыланды

Кыргызстандагы жалгыз геологиялык лаборатория заманбап жабдуулар менен жаңыланды

Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Борбордук лаборатория" катуу пайдалуу кендерди изилдөөгө жана лабораториялык-аналитикалык камсыздоого жооп берген жалгыз мамлекеттик лаборатория болуп эсептелет.

Лаборатория 1940-жылдан бери өлкөдөгү негизги кендер боюнча аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүп келет жана ISO/IEC 17025, ISO/IEC 17020 жана ISO/IEC 17043 эл аралык стандарттарына ылайык иштейт. Жыйынтыктары ILAC эл аралык аккредитациялоо уюму тарабынан таанылган.

2025-жылдын март айында лаборатория өзүнүн техникалык базасын модернизациялап, S6 JAGUAR толкун-дисперсиялык рентгенофлуоресценттик спектрометрин жана ELEMENTRAC CS-d анализаторун киргизди. Жаңы жабдуулар изилдөөлөрдүн ылдамдыгын жана тактыгын кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Лаборатория кендерди изилдөө, концентраттарга көзөмөл жүргүзүү, геологиялык чалгындоонун сапатын баалоо жана лабораториялар аралык салыштырма сыноолорду жүргүзүү иштерин аткарат. Ошондой эле жаңы методикаларды иштеп чыгуу, стандарттык үлгүлөрдү түзүү жана квалификацияны текшерүү программаларын уюштуруу боюнча да иштерди улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын