Кыргызстан Кытайга 32 түр айыл чарба продукциясын экспорттой алат

Кыргызстан Кытайга 32 түр айыл чарба продукциясын экспорттой алат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кытайга продукция экспорттоого кызыккан ата мекендик өндүрүүчүлөргө жана экспорттоочуларга маалымат берип, колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Кытайдын соода-экономикалык кызматташуусу кеңейип жаткан шартта өлкө КЭР рыногуна экспортту жандандыруу боюнча системалуу иштерди жүргүзүүдө. Бул иштерге уруксат документтерин даярдоо, зарыл макулдашууларды алуу, кытайдын тиешелүү органдары менен түз байланышуу жана рынок талаптары боюнча кеңеш берүү кирет.

Учурда Кыргызстан Кытайга 32ден ашык түрдөгү айыл чарба продукцияларын экспорттоого укуктуу. Алардын катарына бал, сүт азыктары (быштак жана кургак сүт), буурчак, алча, коон, жаңгак, жүн, балык жана форель, ошондой эле эл аралык протоколдордо көрсөтүлгөн башка товарлар кирет.

Кытайга экспорттоону пландаштырган ишкерлер Министрликтин Эл аралык кызматташтык, экспорт жана инвестициялар башкармалыгына кайрылып төмөнкү багыттар боюнча жардам ала алышат:

  • КЭРдин учурдагы талаптары жана регламенттери боюнча маалымат берүү;
  • Экспорт учурунда макулдашуу жана маалымдоо процедураларын коштоп жүрүү;
  • Кытайдын компетенттүү органдары менен байланышуу;
  • Документтерди даярдоого жана экспорттук партияларды түзүүгө консультация берүү.

Министрлик айыл чарба товарларынын Кытайга экспорттолчу тизмесин көбөйтүүгө жана өндүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган иштерди мындан ары да улантарын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын