Кыргызстан Ташкенттеги туристтик жарманкеде өз потенциалын таанытууда

Кыргызстан Ташкенттеги туристтик жарманкеде өз потенциалын таанытууда

Кечээ, КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти Ташкент эл аралык туристтик жарманкесине (TITF) "Жибек жолундагы туризм" аттуу катышуусун баштады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Улуттук стендде 10 туркомпания, Каракол шаары жана Ысык-Көл облусунун эки дестинациясы туристтерге турпакеттерин сунуш кылууда. Иш-чара 29-ноябрга чейин уланат.

Быйыл Өзбекстан Кыргыз Республикасына келген чет элдик туристтердин алдыңкы өлкөсү катары TITF-2025ке катышуу өзгөчө мааниге ээ. Улуттук стенддин негизги максаты — өлкөнүн туристтик потенциалын көрсөтүү жана жаңы өнөктөштөр менен байланыш түзүү.

Жарманке алкагында B2B жолугушуулар, панелдик сессиялар жана туризм тармагындагы акыркы тенденциялар талкууланууда. Катышуучулар инновациялык идеяларды, авиациялык жана билим берүү форумдарын да карап чыгышат.

Кыргызстандын катышуусу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бирдиктүү туристтик мейкиндигин түзүүгө салым кошуп, региондук кызматташтыкты бекемдөөгө жана туристтерди өлкөгө тартууга шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын