Кыргызстандын суу ресурстары талкууланды: 45 миңден ашык дарыя, 10 миңдей мөңгү бар

Кыргызстандын суу ресурстары талкууланды: 45 миңден ашык дарыя, 10 миңдей мөңгү бар

Бүгүн Бишкекте "Кыргызстандын ирригация секторуна инвестициялар" аттуу тегерек стол өттү. Ага эл аралык уюмдардын, донорлордун, инвесторлордун жана эксперттердин өкүлдөрү катышып, өлкөнүн суу ресурстарынын учурдагы абалы, ирригациянын келечеги жана инвестиция тартуу стратегиялары талкууланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстанда ири көлөмдөгү суу ресурстары бар болсо да, кепилденген пайдаланууга жеткиликтүү көлөм чектелүү. Мамлекеттик маалыматтарга ылайык, жыл сайын болжол менен 50 млрд м³ дарыя, 14 млрд м³ жер астындагы суу, 10 миңдей мөңгү жана 45 миңден ашык дарыя агымы бар. Эл аралык көрсөткүчтөр боюнча, суу стресси деңгээли 3,28ге жетип, "кризистин алдындагы" абалга жакындаган.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлү Алмаз Жээналиев реформалардын негизги багыттарын тааныштырып, 2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясы, Суу кодексинин жаңы редакциясы жана суу секторун модернизациялоочу башка программалар тууралуу маалымат берди.

Талкууларда инвестициялар суу сактагычтарды куруу жана модернизациялоо, ирригациялык каналдарды реконструкциялоо, суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, санариптештирүү жана климаттык адаптациялоо инфраструктурасын өнүктүрүү багыттарына бурулары белгиленди. Катышуучулар мамлекет менен эл аралык өнөктөштөр сектордун өнүгүү приоритеттери боюнча бирдиктүү позицияда экенин айтышып, биргелешкен аракеттер өлкөнүн суу жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө жардам берерин белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Алдоо жолу аркылуу акча өндүрүү менен шугулданган  26 жаштагы кыз кармалды

Алдоо жолу аркылуу акча өндүрүү менен шугулданган 26 жаштагы кыз кармалды

2026-жылдын 2-мартында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБна Г.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, «Нурайым» аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, 2026-жылдын февраль айынан 1-мартына чейинки мезгилде ал аял ишенимине кирип, «Telegram» мессенджери аркылуу акча каражаттарын көбөйтүү шылтоосу менен аны «трейдинг» деп аталган топко кошкон. Бишкек шаарынын ИИББнын

Кыргызстан менен Өзбекстан эмгек миграциясы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Өзбекстан эмгек миграциясы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Сагынбаев Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда тараптар эмгек миграциясы жана социалдык маселелер боюнча кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Анын ичинде калкты жумуш менен камсыз кылуу, социалдык коргоо

Дыйкандарга арпа, буудай жана кант кызылчасын көбүрөөк эгүү сунушталды

Дыйкандарга арпа, буудай жана кант кызылчасын көбүрөөк эгүү сунушталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идирисов дыйкандарга арпа, буудай, картошка, пияз жана кант кызылчасы сыяктуу социалдык маанилүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Анын айтымында, дан эгиндери жана кант кызылчасы өлкөнүн

Күрөөнүн баасын атайылап төмөндөтүү алдамчылык – Г.Кожогулова

Күрөөнүн баасын атайылап төмөндөтүү алдамчылык – Г.Кожогулова

Депутат Гуля Кожокулова парламент жыйынында насыя боюнча күрөөнүн суммасын атайылап төмөн баалоону банктардын тузагы деп атады. Анын айтымында, күрөө мүлкү рыноктогу чыныгы баасына ылайык бааланбайт. "Жарандар катуу шарттарга туш болуп, насыяларын белгиленген мөөнөттө төлөй албай калышат. Канча тагдыр талкаланды, канча адам өз жанын кыйды! Коммерциялык банктардын жоопкерчилигин да караш