Бишкектеги таштандыларды кайра иштетүүчү завод ишке киргизилди

Бишкектеги таштандыларды кайра иштетүүчү завод ишке киргизилди

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Бишкектеги таштанды заводу ишке киргизилгенин өзүнүн баракчасы аркылуу жарыялады.

Анын айтымында Бишкекте курулуп бүткөн таштандыларды кайра иштетүүчү завод таштандыларды өрттөп жок кылуу аркылуу 30 МВт кубаттуулуктагы электр энергиясын өндүрөт. Учурда процесс башталып, өндүрүлгөн электр энергиясы электр тармактарына кошулду. Азырынча жаңы кошулуп 3,5 МВт берип жатат, ал толук кандуу ишке киргенден кийин 30 МВт кубаттуулукта электр энергиясын берип, электр тармактары аркылуу элге кызмат кылат.

Анын айтымында 50 жылдан ашык түтөп жаткан таштанды полигонунан кутулдук деп айтсак болот. Бишкекте 1 суткада 1000 тоннага жакын мусор чогулса, бул завод суткасына 1200 тонна мусорду жок кылуу кубаттуулукка ээ. Завод түтөбөйт, бир аз гана буу чыгат ал дагы жок болуп кетет. Экологияга зыяны жок, эн акыркы заманбап ыкмалар колдонулуп курулган.

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Алдоо жолу аркылуу акча өндүрүү менен шугулданган  26 жаштагы кыз кармалды

Алдоо жолу аркылуу акча өндүрүү менен шугулданган 26 жаштагы кыз кармалды

2026-жылдын 2-мартында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБна Г.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, «Нурайым» аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, 2026-жылдын февраль айынан 1-мартына чейинки мезгилде ал аял ишенимине кирип, «Telegram» мессенджери аркылуу акча каражаттарын көбөйтүү шылтоосу менен аны «трейдинг» деп аталган топко кошкон. Бишкек шаарынын ИИББнын

Кыргызстан менен Өзбекстан эмгек миграциясы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Өзбекстан эмгек миграциясы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Сагынбаев Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда тараптар эмгек миграциясы жана социалдык маселелер боюнча кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Анын ичинде калкты жумуш менен камсыз кылуу, социалдык коргоо

Дыйкандарга арпа, буудай жана кант кызылчасын көбүрөөк эгүү сунушталды

Дыйкандарга арпа, буудай жана кант кызылчасын көбүрөөк эгүү сунушталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идирисов дыйкандарга арпа, буудай, картошка, пияз жана кант кызылчасы сыяктуу социалдык маанилүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Анын айтымында, дан эгиндери жана кант кызылчасы өлкөнүн

Күрөөнүн баасын атайылап төмөндөтүү алдамчылык – Г.Кожогулова

Күрөөнүн баасын атайылап төмөндөтүү алдамчылык – Г.Кожогулова

Депутат Гуля Кожокулова парламент жыйынында насыя боюнча күрөөнүн суммасын атайылап төмөн баалоону банктардын тузагы деп атады. Анын айтымында, күрөө мүлкү рыноктогу чыныгы баасына ылайык бааланбайт. "Жарандар катуу шарттарга туш болуп, насыяларын белгиленген мөөнөттө төлөй албай калышат. Канча тагдыр талкаланды, канча адам өз жанын кыйды! Коммерциялык банктардын жоопкерчилигин да караш