Өзгөндө жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялаган адамдар кармалды

Өзгөндө жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялаган адамдар кармалды

КР УКМК мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл округунун мурдагы башчысы 1967-жылы туулган С.Э.Р., жер инспектору 1984-жылы туулган М.Ф.А. жана 1983-жылы туулган М.Э.Э. аттуу жаран кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Аталган адамдар 2016-жылдан 2022-жылга чейин башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп, жасалма документтерди даярдап, Өзгөн районундагы 1,5 гектар жер тилкелерин трансформациялап, кийинчерээк сатып жибергени аныкталган.

Учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жогоруда айтылган махинацияга тиешеси бар калган адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө иш-чараларын улантууда.

Белгилей кетсек, жерди трансформациялоо укугу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун алкагында гана ишке ашырылат.

Мындан тышкары окуңуз

Курулуш эрежелерин сактабаган “Зам-Зам билдингдин” лицензиясы токтотулду

Курулуш эрежелерин сактабаган “Зам-Зам билдингдин” лицензиясы токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, 17-январдан тарта курулуш объектилеринде мыйзам талаптарынын сакталышын, иштердин сапатын жана коопсуздугун текшерүү максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарындагы Севастопольская көчөсү 8, Славян көчөсү 6/1 жана Фурманов көчөсү 13 даректеринде курулуп жаткан 14 кабаттуу турак жай комплексинде

Мамлекетке 530 млн сомдон ашык каражат жана мүлк кайтарылды

Мамлекетке 530 млн сомдон ашык каражат жана мүлк кайтарылды

Мамлекеттин пайдасына 530 млн сомдон ашык каражатка бааланган мүлктөр өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, мэриялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пайдасына 185 млн 588 миң сом өндүрүлдү. Ошондой эле аткаруу өндүрүшүнүн алкагында мамлекеттин пайдасына жалпы баасы 344 млн

Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды

Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды

23-январда Ашхабад шаарында өткөн СПЕКА жумалыгынын алкагында Программанын Башкаруу кеңешинин 20-сессиясы жана СПЕКА Фондунун Башкаруу комитетинин экинчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды. Төрагалык Кыргызстан үчүн эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө, улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө жана Программанын туруктуу

Бишкектин жаңы кошулган аймактарын өнүктүрүүгө 9 млрд сом бөлүнөт

Бишкектин жаңы кошулган аймактарын өнүктүрүүгө 9 млрд сом бөлүнөт

Бишкек шаарына жакында кошулган аймактарды өнүктүрүүгө жалпысынан 9 млрд сомго жакын каражат бөлүнөт. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиев Свердлов районунун жаңы аймактарынын тургундары менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымында, мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, жаңы кошулган аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган 2030-жылга чейинки атайын программа иштелип чыккан. Мэр белгилегендей, аталган программанын