Унаа кыймылы үчүн 4 тилкелүү көпүрө Ауэзов көчөсүндө пайдаланууга берилди

Унаа кыймылы үчүн 4 тилкелүү көпүрө Ауэзов көчөсүндө пайдаланууга берилди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев тургундар менен чогуу Ауэзов көчөсүндөгү жаңыланган көпүрөнүн ачылышына катышышты.

Объект толугу менен реконструкцияланып, кеңейтүү иштери жүргүзүлдү. Курулуштан кийин, көпүрөнүн жалпы туурасы 24 метрди, узундугу 70 метрди (эки секция бириктирилген) түзөт. Унаа кыймылы үчүн 4 тилке курулуп, жолдун эки тарабында 3 метрден тротуарлар жасалды. Эки катмар асфальт төшөлүп, көчөгө 12 жаңы көчө чырагы орнотулду.

Курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталып, пландалган мөөнөтүнөн 30 күн эрте аяктап, тургундарды кубандырды. 2026-жылы көпүрөнүн астындагы каналда кошумча бетондоо иштери жүргүзүлүп, анын түбү, капталдары жана жээктери бекемделиши күтүлөт.

Эске салсак, оңдоого чейин көпүрө авариялык абалда болуп, болгону эки тилкелүү жана туурасы 13 метрди гана түзүп, тротуарлары 1,5–2 метр гана болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;