Атайын шайлоочу жайдан тышкары жерден 9318 адам добуш берди

Атайын шайлоочу жайдан тышкары жерден 9318 адам добуш берди

Кече саат 20:00дө шайлоо участогуна барууга мүмкүнчүлүгү жок жарандар үчүн жайдан тышкары добуш берүү аяктаган. Бул тууралуу Боршайкомдон кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, өлкө боюнча жалпы 2 492 участкалык шайлоо комиссиянын ичинен 1 332 шайлоо комиссиясына 10 329 арыз келип түшкөн. Анын негизинде, бир күн ичинде, саат 8:00дөн 20:00гө чейин добуш берүүгө 9318 адам катышкан.

“КРнын Президентин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын Конституциялык Мыйзамына ылайык, жайдан тышкары добуш берүү денсоолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участкаларына келе алышпаган шайлоочулар, ошондой эле ооруканаларда, кармоо жайларында кармалып турган же алыскы калктуу конуштарды жана мал чарбасынын алыскы участкаларын кошуп алганда, жетүүгө кыйын райондордо убактылуу жашаган жарандар үчүн уюштурулат.

Мындай добуш берүүнүн жүрушундө мыйзам бузуулар болду деген кээ бир талапкерлердин билдирүүсү кароого алынып, Боршайком чындыкка дал келбейтигин жарыялады. Шайлоо жашыруун добуш берүү принцибин катуу сактап, шайлоочуларга кысым көрсөтүүгө жол берилген эмес. “Майда бузуулар” деген дооматтар да негизсиз: анткени шайлоо участогу өз убагында иштеп, бардык процедуралар БШКнын талаптарына ылайык жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын