Добуш берүү аяктап, катышкандардын саны 34 пайыздан ашты

Добуш берүү аяктап, катышкандардын саны 34 пайыздан ашты

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү саат 20:00дө аяктады. Кыргызстандагы бардык шайлоо тилкелери өз ишин жыйынтыктады.

Ушул тапта автоматташтырылган урналар аркылуу алынган маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясына түшүп жатат.

Боршайкомдун маалыматына караганда, саат 19:00гө карата шайлоочулардын катышуусу 34,31 пайызды түздү, тагыраагы, 1 млн 473 миң 264 адам добуш берди. Мыйзам бузуулар боюнча 67 кайрылуу келип түшкөн жана бардыгы укук коргоо органдары тарабынан каралып чыгып, тийиштүү чечим кабыл алынмакчы.

Билдирүүгө ылайык, шайлоо тилкелеринде эч кандай техникалык мүчүлүштүктөр болгон жок.

Мындан тышкары окуңуз

Бакыт Төрөбаев Ысык-Ата районундагы сугат объектилерин текшерди

Бакыт Төрөбаев Ысык-Ата районундагы сугат объектилерин текшерди

Кечээ Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Ата районунда жайгашкан Восточный Чоң Чүй каналына, Р-24 сугаруу каналына жана Туз бассейнине барды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Министр объектилердин учурдагы абалы жана жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Восточный Чоң Чүй каналынын узундугу 97 км

Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курамасы (U-20) дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү болду

Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курамасы (U-20) дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү болду

Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун В тайпасында алтын медаль утуп, чемпион болду. Алты улуттук курама команда катышкан турнир 18-24-январь күндөрү Бишкек шаарында өттү. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдагандай, чемпионаттын жүрүшүндө кыргызстандык хоккейчилер ишенимдүү жана жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүп,

Бир нече автоунааны, 4 миң долларды алдап алган жаран кармалды

Бир нече автоунааны, 4 миң долларды алдап алган жаран кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (БШИИБ) ыкчам кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылыктардын сериясына шектүү жаранды кармашканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 15-январында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жоопкерчилиги чектелген коомдун өкүлү арыз менен кайрылган. Ал жаран А. А.га карата чара көрүүнү суранган. Арызда

Борбор Азия сууларынын 85%ын Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан сугат үчүн пайдаланат–ЕАӨБ

Борбор Азия сууларынын 85%ын Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан сугат үчүн пайдаланат–ЕАӨБ

Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) докладында өнүгүп икеле жаткан өлкөлөлөрдө аналитиктер туруктуу өнүгүүнүн бардык багыттары боюнча өнөктөштүктү жана кызматташууну өнүктүрүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгилешкени айтылат. Аналитиктер Борбор Азиядагы Арал деңизинин бассейни эки негизги көйгөйгө – суу жана энергетика инфраструктурасына инвестициялардын жетишсиздиги жана натыйжалуу регионалдык кызматташуунун жоктугуна туш болгонун баса белгилешкен. Бул факторлор региондо