Казакстанда жаңы чыккан банкноттор массалык түрдө жергиликтүү элдин сынына кабылды

Казакстанда жаңы чыккан банкноттор массалык түрдө жергиликтүү элдин сынына кабылды

Казакстандык жаран социалдык тармактарда УАМС Жеңиш күнүнө арналган 1000 теңгелик эстелик банкнотун банкомат кабыл албай койгонуна нааразы болгон билдирүүсү жергиликтүү калктын кызуу талкуусуна айланды. Бул тууралуу tengrinews.kz билдирди. Билдирүүгө караганда, кардар жаңы банкнотту алгач дүкөндө, андан кийин популярдуу банктын банкоматында кабыл алынбай койгонун сындап жазган.

"Бул банкноттун эмне көйгөйү бар? Дүкөн аны кабыл алган жок, банкомат аны кабыл алган жок. Чыныгы акчабы? Эгер силер жаңысын жасап жатсаңар, кандайдыр бир жол менен баарына кабарлап, банкоматтарды ошол акчага карап жаңылап коюш керек эле", - деп нааразылыгын билдирген.

Колдонуучунун бул комментарийин коомчулук да колдоп,  ушул сыяктуу кыйынчылыктарга көптөр туш болгонун билдирип чыгышкан. Ал эми журналисттер Казак Республикасынын Улуттук банкынын басма сөз кызматына кайрылып, маселе техникалык мүчүлүштүктө экенин аныкташты.

"Бул банктар жана төлөм мекемелери жаңы банкнотторду кабыл алуу же берүү үчүн жабдууларын ылайыкташтыруу үчүн бир нече жумадан бир нече айга чейин убакыт талап кылышы мүмкүн. Бул банкоматтын программалык камсыздоосу эстелик банкнотту кабыл алуу үчүн жаңыртылбаган болушу мүмкүн", - деп белгилеген Улуттук банктан.

Талкууга кабылган 1000 теңгелик банкнот 2025-жылдын 9-майында чыгарылган, анын 5 миллион нускасы бар. Эске сала кетсек, бул банкноттор октябрь айында социалдык медиада пайда болуп, казакстандыктар адаттан тыш дизайнды талкуулай башташкан: айрымдары аны эстелик катары кабыл алышкан, ал эми башкалары банкнотту цирк билетине салыштырышкан.

Мындан сырткары, сентябрь айынын аягында казакстандыктар банкоматтар расмий түрдө жүгүртүүдөн алынып салынганына карабастан, эски үлгүдөгү 5000 теңгелик банкнотторду берүүнү улантып жатканына нааразы болушкан.

 

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын