Саат 18:00го карата 1 млн 330 миң шайлоочу добуш берди

Саат 18:00го карата 1 млн 330 миң шайлоочу добуш берди

 Жалпысынан шайлоо процесси өлкө ичинде жана чет мамлекеттерде уюштурулган тилкелерде тынч жана уюшкандыкта жүрүп жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, саат 18:00гө карата шайлоочулардын 30,99 пайызы добуш берүүгө катышты. Тагыраагы, 1 млн 330 миң шайлоочу жарандык милдетин аткарып, добуш берүүгө катышкан.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 30 көп мандаттуу округ боюнча 460 кандидат ат салышууда. Алардын 271и - эркек, 189у - аял талапкерлер.

Кыргызстанда добуш берүү кечки саат 20:00дө жыйынтыкталмакчы.

Мындан тышкары окуңуз

"Дордой" базарынын жанындагы көлдүн айланасы көрктөндүрүлөт

"Дордой" базарынын жанындагы көлдүн айланасы көрктөндүрүлөт

Айбек Джунушалиев 16-мартта "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен жолугушуу өткөрүп, "Дордой" базарынын аймагын көрктөндүрүү маселесин талкуулады. Айрыкча базардын жанындагы көлгө жана анын айланасына өзгөчө көңүл бурулганын борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мэрдин айтымында, шаар бийлиги бизнести өнүктүрүүнү колдойт, бирок ал системалуу түрдө жана

Дүйнөлүк рынокто алтын арзандап, унциясы 5 миң доллардан төмөн түштү

Дүйнөлүк рынокто алтын арзандап, унциясы 5 миң доллардан төмөн түштү

Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы арзандап, унциясы 5000 доллардан төмөн сатылып жатканын Интерфакс кабарлады. Маалыматка ылайык, алтындын баасы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам дүйнөдөгү инфляциянын тездешинен төмөндөп жатат.  Comex биржасында алтын болжол менен 1,3%га төмөндөп, унциясы 4995 долларды түздү. Ошол эле маалда күмүштүн да баасы арзандап жатат. Ал 4,4%

Өзбекстандан келген маркировкасы жок 82 830 көчөт артка кайтарылды

Өзбекстандан келген маркировкасы жок 82 830 көчөт артка кайтарылды

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине караштуу Баткен башкармалыгынын “Кызыл-Кыя автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда Өзбекстандан импорттолуп кирген 82830 даана көчөттөрдүн таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 Чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында продукциянын аталышы, чыгарылган өлкө, экспорттоочу өлкө жана (же) реэкспортер өлкө

Кыргызстан менен GIZ "жашыл экономика" боюнча кызматташат

Кыргызстан менен GIZ "жашыл экономика" боюнча кызматташат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) ортосунда "Борбор Азиядагы "жашыл" экономика үчүн "жашыл көндүмдөр" аттуу аймактык долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлду. Ведомстводон маалымдашкандай, макулдашууга эмгек министри Канат Сагынбаев жана GIZ уюмунун аймактык долбоорунун жетекчиси Удо Фолькерс