Т. Шайназаров: Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу аралыктан добуш берүү системасы колдонулууда

Т. Шайназаров: Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу аралыктан добуш берүү системасы колдонулууда

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров өлкө боюнча добуш берүү башталгандыгына байланыштуу УТРКнын түз эфиринде брифингде сүйлөдү. Ал республика боюнча жалпы 2 492 шайлоо участогу, ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү участкасы жана  чет өлкөдөгү 100 шайлоо участогу  өз ишин баштаганын эске салды.

«Биздин өлкө тарыхында биринчи жолу алдын ала арыз бербестен добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берген аралыктан добуш берүү системасы колдонулууда», - деп белгиледи КР БШК төрагасы Т. Шайназаров.

 Бүгүн негизги участоктор менен бирге эл көп топтолгон жана убактылуу жүргөн жерлерде  - ири базарларда, соода борборлорунда, медициналык мекемелерде, ошондой эле алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда, анын ичинде Кумтөр, Кара-Кече, Жерүй, Бозымчак жана башка объектилерде жайгашкан 27 аралыктан добуш берүү участкасы да ишин баштады.

 Т. Шайназаров белгилегендей, мындай ыкма жолдо, жумушта, дарыланууда же кызмат өтөп жүргөн шайлоочуларга добуш берүүгө катышуу укугун пайдаланууга шарт түзөт. Бул шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн, ачык-айкындуулугун жана баардыгын камтууну жогорулатуу багытындагы маанилүү кадам.Чет өлкөлөрдө добуш берүү да активдүү темп менен жүрүп жатат. Алгач Россия Федерациясынын Ыраакы Чыгышындагы шайлоо участоктору Бишкек убактысынан 6, 5, 4 саатка эрте иштей башташты. Андан соң добуш берүү Чыгыш Азия өлкөлөрүндө – Японияда, Корея Республикасында, Кытайда, Малайзияда жана Монголияда башталды. Бул өлкөлөрдө убакыт айырмасы 2–3 саатты түзөт.

 Айрым өлкөлөрдө участоктор Бишкек убактысынан 3–4, 5–6 саат кеч ачылат, ал эми Түндүк Америка өлкөлөрүндө - 11, 12 жана 14 саатка чейин кеч ачылат.

Шайлоочулардын акыркы тизмесине жалпысынан 4 294 243 жаран киргизилди.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын