Социалдык жөлөк пул алуучуларга 10 айда 7,2 млн сом жумшалды

Социалдык жөлөк пул алуучуларга 10 айда 7,2 млн сом жумшалды

Кыргызстанда 1-ноябрга карата 108,4 миң адам ар ай сайын социалдык жөлөк пул алат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирүүсүнө таянып, “Кабар” агенттиги жөлөк пул алуучулардын саны 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (108,7 миң) 2%га азайганын жазды.

Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул төмөндөгү категориядагы адамдарга берилет:

  • 18 жашка чейинки майыптуулугу бар балдар;
  • ата-энесинин биринен ажыраган балдар;
  • ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдар;
  • бала кезинен майыптыгы бар адамдар;
  • жалпы оорудан улам майыптыгы барлар;
  • баатыр энелер;
  • улгайган жарандар.

Ар айлык социалдык жөлөк пул категориясына жараша 2000 сомдон 8000 сомго чейинки өлчөмдө дайындалат.

Учурда республика боюнча ар айлык социалдык жөлөк пулдун орточо өлчөмү - 6 344,7 сом. 2025-жылдын 1-ноябрына карата мындай социалдык жөлөк пулду төлөөгө 7,2 млн сом жумшалган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курамасы (U-20) дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү болду

Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курамасы (U-20) дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү болду

Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун В тайпасында алтын медаль утуп, чемпион болду. Алты улуттук курама команда катышкан турнир 18-24-январь күндөрү Бишкек шаарында өттү. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдагандай, чемпионаттын жүрүшүндө кыргызстандык хоккейчилер ишенимдүү жана жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүп,

Бир нече автоунааны, 4 миң долларды алдап алган жаран кармалды

Бир нече автоунааны, 4 миң долларды алдап алган жаран кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (БШИИБ) ыкчам кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылыктардын сериясына шектүү жаранды кармашканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 15-январында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жоопкерчилиги чектелген коомдун өкүлү арыз менен кайрылган. Ал жаран А. А.га карата чара көрүүнү суранган. Арызда

Борбор Азия сууларынын 85%ын Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан сугат үчүн пайдаланат–ЕАӨБ

Борбор Азия сууларынын 85%ын Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан сугат үчүн пайдаланат–ЕАӨБ

Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) докладында өнүгүп икеле жаткан өлкөлөлөрдө аналитиктер туруктуу өнүгүүнүн бардык багыттары боюнча өнөктөштүктү жана кызматташууну өнүктүрүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгилешкени айтылат. Аналитиктер Борбор Азиядагы Арал деңизинин бассейни эки негизги көйгөйгө – суу жана энергетика инфраструктурасына инвестициялардын жетишсиздиги жана натыйжалуу регионалдык кызматташуунун жоктугуна туш болгонун баса белгилешкен. Бул факторлор региондо

Ломбарддардагы максималдык ставка 30%дан ашпайт

Ломбарддардагы максималдык ставка 30%дан ашпайт

Финансылык рынокту көзөмөлдөө, тескөө жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси Сүйөркул Ашимжан уулу радионун түз эфиринде ломбарддардагы насыялар боюнча жаңы пайыздык чендер тууралуу айтып берди. Анын айтымында, 2018-жылдан тарта киргизилген ишкерлерди текшерүүгө мораторий чакан жана орто бизнести, анын ичинде ломбарддарды колдоо максатында кабыл алынган. Ошол эле учурда, мораторий күчүндө турган