Токтогулда балдар үчүн реабилитациялык борбор курула башталды

Токтогулда балдар үчүн реабилитациялык борбор курула башталды

29-ноябрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы курулушу жаңы башталган бир катар социалдык объектилердин абалы менен таанышты. Алардын ичинде Токтогул шаарынын Момункулов көчөсүндө майыптыгы бар балдар үчүн курулуп жаткан реабилитациялык борбор да бар.

Жалпы аянты 1746,95 чарчы метрди түзгөн борбор Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык салынууда.

Долбоорго ылайык, имарат жертөлөсү менен кошо 3 кабаттан турат. Биринчи кабатта кабыл алуу бөлмөсү, ата-энелер үчүн жолугушуу жайы, процедуралык жана кызматкерлер бөлмөлөрү, ошондой эле ашкана каралган. Экинчи жана үчүнчү кабаттарда палаталар, балдар жана кыздар үчүн өз-өзүнчө санитардык түйүндөр, ванна бөлмөлөрү, процедуралык жана кир жыйноочу бөлмөлөр жайгашат.

Реабилитациялык борбор заманбап талаптарга ылайык курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн пандустар жана башка керектүү инфратүзүм менен камсыздалат.

Курулуш иштерин министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” ишканасы жүргүзүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын