2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын биринчи этабы старт алды

2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын биринчи этабы старт алды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2040-жылга чейинки Демографиялык саясат Концепциясынын биринчи этабын (2026–2030-жылдар) ишке киргизүү боюнча жумушчу иш-чара өткөрдү. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйынына мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрү, эксперттер, ошондой эле БУУнун Калктын саны боюнча фонду (ЮНФПА) катышты.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары К.С. Досматов жыйынды ачып жатып, демографиялык саясаттын калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган чаралардын жыйындысы экенин, анын негизги максаттары – калкты сактоо жана көбөйтүү, төрөлүүнү колдоо, орточо өмүр узактыгын 79 жашка жеткирүү, эмгекке жарамдуу калк арасындагы өлүмдү азайтуу, үй-бүлө институтун жана жарандык аң-сезимди бекемдөө, ошондой эле өлкө ичинде татыктуу жумуш орундарын түзүү экенин белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө 2040-жылга чейинки Демографиялык саясат Концепциясынын серепчеси, демографиялык туруктуулук жана демографиялык дивиденд, Босния жана Герцеговинанын гендердик жооптуу үй-бүлө саясатын ишке ашыруу тажрыйбасы жана биринчи этаптын Иш-чаралар планы талкууланды. Презентациялардан кийин катышуучулар каржылоо булактарын жана бардык кызыкдар тараптардын сунуштарын эске алуу менен План долбоорун талкуулоо үчүн чакан топторго бөлүндү.

Жыйынтыгында 2026–2030-жылдарга карата Концепциянын биринчи этабын ишке ашырууну камтыган аракеттер планы макулдашылып, документти бекитүү үчүн негиз түзүлдү. Концепциянын ийгиликтүү аткарылышы өлкөнүн келечегине жана социалдык-экономикалык туруктуулугуна түздөн-түз таасир этери белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын