Бишкектеги аба сапатын изилдөө боюнча мэрия менен UNOSDнин жолугушуусу

Бишкектеги аба сапатын изилдөө боюнча мэрия менен UNOSDнин жолугушуусу

Борбор калаанын мэриясынын жыйындар  залында Бишкек шаарынын  мэринин орун басары Рамиз Алиев БУУнун Туруктуу өнүктүрүү башкармалыгынын (UNOSD) башчысы Пак Чун Ку мырза жетектеген делегация менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жолугушуунун негизги темасы – шаардагы атмосфералык абанын булганышына алып келген негизги булактарды аныктоо жана бул багытта жаңы комплекстүү изилдөө жүргүзүүнүн зарылдыгы болду.

Мэрдин орун басары  Рамиз Алиевдин айтымында, түтүн маселеси Бишкек үчүн эң курч көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда.

"Шаарыбыздагы олуттуу маселелердин бири – түтүн. Бишкекке абанын сапатын изилдеген жаңы, заманбап иликтөө зарыл. Учурдагы абалды ар тараптуу изилдеп, абанын булганышынын негизги булактарын так аныктоо үчүн адистерди чакырдык", — деди ал.

UNOSD өкүлдөрү чакырууга ыраазычылык билдирип, уюмдун долбоорлорунда колдонулган эл аралык аба сапатын изилдөө методологиясы боюнча презентацияны сунушташты.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары да жемиштүү кызматташууга үмүт артышарын белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын