"Кепилдик фонду" ишкерлер үчүн 2 жаңы лизингдик продукт сунуштады

"Кепилдик фонду" ишкерлер үчүн 2 жаңы лизингдик продукт сунуштады

"Кепилдик фонду" ААКсы өлкө боюнча ишкерликти колдоо жана каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында жаңы кепилдик продукттарын ишке киргизди. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматынан билдиришти.

Лизингдик инструменттерди өнүктүрүү алкагында айыл чарба жана атайын техника парктарын жаңылоону жеңилдетүүгө багытталган "Ижара" жана "Ижара плюс" аттуу эки жаңы продукт сунушталып жатат.

Фонддун маалыматына караганда, лизинг бүгүнкү күндө өндүрүштү модернизациялоонун натыйжалуу механизми болуп саналат. Бирок көптөгөн ишкерлер үчүн алдын ала төлөмдүн зарылдыгы чоң тоскоолдуктарды жаратып келет. Жаңы продукттар дал ушул маселени чечүүгө багытталган:

"Ижара" — лизинг предметинин баасынын 20% чейин кепилдик берет;
"Ижара плюс" — лизинг боюнча алдын ала төлөмдүн 30% чейин жапканга жардам берет.

Бул инструменттердин аркасында өз каражаты аз болгон ишкерлер да заманбап техника жана жабдууларды лизинг аркылуу алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Кошумча маалыматты 7500 кыска номери аркылуу же gf.kg сайты аркылуу алса болот.

Мындан тышкары окуңуз

Бир нече автоунааны, 4 миң долларды алдап алган жаран кармалды

Бир нече автоунааны, 4 миң долларды алдап алган жаран кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (БШИИБ) ыкчам кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылыктардын сериясына шектүү жаранды кармашканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 15-январында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жоопкерчилиги чектелген коомдун өкүлү арыз менен кайрылган. Ал жаран А. А.га карата чара көрүүнү суранган. Арызда

Борбор Азия сууларынын 85%ын Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан сугат үчүн пайдаланат–ЕАӨБ

Борбор Азия сууларынын 85%ын Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан сугат үчүн пайдаланат–ЕАӨБ

Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) докладында өнүгүп икеле жаткан өлкөлөлөрдө аналитиктер туруктуу өнүгүүнүн бардык багыттары боюнча өнөктөштүктү жана кызматташууну өнүктүрүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгилешкени айтылат. Аналитиктер Борбор Азиядагы Арал деңизинин бассейни эки негизги көйгөйгө – суу жана энергетика инфраструктурасына инвестициялардын жетишсиздиги жана натыйжалуу регионалдык кызматташуунун жоктугуна туш болгонун баса белгилешкен. Бул факторлор региондо

Ломбарддардагы максималдык ставка 30%дан ашпайт

Ломбарддардагы максималдык ставка 30%дан ашпайт

Финансылык рынокту көзөмөлдөө, тескөө жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси Сүйөркул Ашимжан уулу радионун түз эфиринде ломбарддардагы насыялар боюнча жаңы пайыздык чендер тууралуу айтып берди. Анын айтымында, 2018-жылдан тарта киргизилген ишкерлерди текшерүүгө мораторий чакан жана орто бизнести, анын ичинде ломбарддарды колдоо максатында кабыл алынган. Ошол эле учурда, мораторий күчүндө турган

Бишкекте “Батыш айланма жолун” ишке ашыруу макулдашылды

Бишкекте “Батыш айланма жолун” ишке ашыруу макулдашылды

Бишкекте “Батыш айланма жолу” долбооруна кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бишкек шаарында “Батыш айланма жолу” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбооруна байланыштуу кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди. Документке Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Бишкек шаарынын мэриясы,