Кочкордо арзан эт жарманкеси уюштурулууда – баасы 600 сом

Кочкордо арзан эт жарманкеси уюштурулууда – баасы 600 сом

Кочкор районунда баалардын өсүү темпин басаңдатуу, социалдык жактан аярлуу жарандарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу, ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рыноктогу туруктуулукту сактоо максатында социалдык багыттагы эт жарманкеси өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш-чара Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы, Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы, айыл өкмөттөр жана "Адал-Азык" ЖЧК “Тойбосс” ишканасы менен биргеликте уюштурулган. Жарманкенин алкагында район тургундарына 600 сомдон сапаттуу эт продукциялары сунушталат.

Социалдык колдоого багытталган иш-чара ар аптанын ишемби күндөрү саат 10:00дөн баштап өткөрүлүп, жергиликтүү калк үчүн жеткиликтүүлүктү камсыздайт.

Дареги: Кочкор районунун борборундагы автобекеттин имараты.

Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тургундарды жарманкеге активдүү катышууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

"Дордой" базарынын жанындагы көлдүн айланасы көрктөндүрүлөт

"Дордой" базарынын жанындагы көлдүн айланасы көрктөндүрүлөт

Айбек Джунушалиев 16-мартта "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен жолугушуу өткөрүп, "Дордой" базарынын аймагын көрктөндүрүү маселесин талкуулады. Айрыкча базардын жанындагы көлгө жана анын айланасына өзгөчө көңүл бурулганын борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мэрдин айтымында, шаар бийлиги бизнести өнүктүрүүнү колдойт, бирок ал системалуу түрдө жана

Дүйнөлүк рынокто алтын арзандап, унциясы 5 миң доллардан төмөн түштү

Дүйнөлүк рынокто алтын арзандап, унциясы 5 миң доллардан төмөн түштү

Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы арзандап, унциясы 5000 доллардан төмөн сатылып жатканын Интерфакс кабарлады. Маалыматка ылайык, алтындын баасы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам дүйнөдөгү инфляциянын тездешинен төмөндөп жатат.  Comex биржасында алтын болжол менен 1,3%га төмөндөп, унциясы 4995 долларды түздү. Ошол эле маалда күмүштүн да баасы арзандап жатат. Ал 4,4%

Өзбекстандан келген маркировкасы жок 82 830 көчөт артка кайтарылды

Өзбекстандан келген маркировкасы жок 82 830 көчөт артка кайтарылды

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине караштуу Баткен башкармалыгынын “Кызыл-Кыя автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда Өзбекстандан импорттолуп кирген 82830 даана көчөттөрдүн таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 Чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында продукциянын аталышы, чыгарылган өлкө, экспорттоочу өлкө жана (же) реэкспортер өлкө

Кыргызстан менен GIZ "жашыл экономика" боюнча кызматташат

Кыргызстан менен GIZ "жашыл экономика" боюнча кызматташат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) ортосунда "Борбор Азиядагы "жашыл" экономика үчүн "жашыл көндүмдөр" аттуу аймактык долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлду. Ведомстводон маалымдашкандай, макулдашууга эмгек министри Канат Сагынбаев жана GIZ уюмунун аймактык долбоорунун жетекчиси Удо Фолькерс