Аквакультура тармагында улуттук өндүрүш: Б.Төрөбаев BIOJEM заводуна барды

Аквакультура тармагында улуттук өндүрүш: Б.Төрөбаев BIOJEM заводуна барды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылында жайгашкан BIOJEM компаниясынын өндүрүш процесси менен таанышты.

BIOJEM — тузсуз аквакультура үчүн профессионалдык тоюттарды чыгарган улуттук өндүрүүчү. Кыргызстандагы бул багытта иш алып барган үч компаниянын бири болуп саналат жана заманбап экструзиондук жабдуулар менен толук циклдеги өндүрүшкө ээ. Компания жылына 35 миң тоннага чейин тоют чыгарууга мүмкүнчүлүк түзгөн.

Заводдун өзгөчөлүктөрүнө автоматташтырылган экструзиондук линия, вакуумдук майлоо технологиялары, ар кандай балык түрлөрүнө ылайыкташкан рецептуралар, сапатты көзөмөлдөөнүн толук цикли — сырьё кабыл алуудан тартып даяр продукцияны таңгактоого чейин, заманбап жабдылган лаборатория жана европалык жана азиялык адистер менен туруктуу технологиялык консалтинг кирет.

BIOJEM продукциясынын ассортиментине форель, осетр, карп жана башка тузсуз суу балыктары үчүн тоюттар кирет. Тоюттар жогорку сиңиримдүүлүккө, балансташтырылган протеин, май, витамин жана минералдык курамга ээ.

Министр Бакыт Төрөбаев белгилегендей, Кыргызстанда аквакультура тармагын өнүктүрүүдө ата мекендик өндүрүштүн ролу өзгөчө маанилүү. Ички рынокту сапаттуу тоют менен камсыз кылуу жана экспортук потенциалды жогорулатуу — тармактын негизги багыттарынын бири.

BIOJEM компаниясы улуттук аквакультура чарбаларын эффективдүү, сапаттуу жана дүйнөлүк стандарттарга шайкеш тоюттар менен камсыздоону улантат.

Мындан тышкары окуңуз

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү, спорт, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери талкууланды. Калаа башчысы Улуу Британиянын экспорттук-финансы агенттиги UKEF (UK Export Finance) менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

2026-жылдын январында Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2025-жылдын январына салыштырмалуу 11,4% өскөнүн расмий статистика көрсөтүүдө. * Билим берүү тармагында баалар эң көп өстү — 23%. * Турак жайларды тейлөө жана ремонттук кызматтардын тарифтери 22,8% көтөрүлдү. * Маданий иш-чараларды уюштуруу кызматы — 14,5%, чач тарач кызматтары — 13%, бут кийимди оңдоо кызматтары — 10,6%га

Бишкекте батирлердин баасы төмөндөдү

Бишкекте батирлердин баасы төмөндөдү

2026-жылдын февраль айынын жыйынтыгы боюнча Бишкектеги батирлердин бир чарчы метринин орточо баасы 95 458 сомду түзгөнүн Мамлекеттик жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттиги билдирди. Февраль айында борбор калаада бир чарчы метр баасы 12 285 сомго төмөндөп, пайыздык эсеп менен -11,4% болду. Жылдык салыштырмалуу көрсөткүч боюнча, бир чарчы метрдин

"Бишкекасфальтсервис" аймагындагы базар курулушуна шаар катышпайт

"Бишкекасфальтсервис" аймагындагы базар курулушуна шаар катышпайт

Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында депутаттар "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын аймагына базар куруу долбоорун талкуулашты. Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн форматы боюнча шаар мэриясынын акциясы каралбаганын билдирди. "Шаарга акциялар берилген жок. Биз жерди беребиз