Аламүдүндөгү “Р7” каналына бетон полотно төшөө иштери жүрүп жатат

Аламүдүндөгү “Р7” каналына бетон полотно төшөө иштери жүрүп жатат

Аламүдүн районунда жайгашкан “Р7” каналына бетон полотно төшөө иштери кызуу жүрүп жатат. Каналдын жалпы узундугу 4,16 км түзүп, ал 3212 гектар сугат аянтын суу менен камсыз кылат. Бул тууралуу Суу ресурстар, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Бетон полотно төшөө иштери сугат суусун жоготуусуз пайдаланууга, дыйкандарга жана айыл тургундарына суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга шарт түзөт. Натыйжада айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жогорулайт.

Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан каналдын жалпы 1100 метр бөлүгүнө бетон полотно төшөө пландалган. Бүгүнкү күндө 200 метрге бетон полотносу ийгиликтүү төшөлдү.

Иш-чаралардын жүрүшү айыл чарба продукциясын камсыздоону жана суу ресурстарын эффективдүү пайдаланууну жакшыртууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

"Тазалыкка" эмнеге пакистандыктар алынып жатат?

"Тазалыкка" эмнеге пакистандыктар алынып жатат?

Муниципалдык “Тазалык” ишканасында 420 бош орун бар экенин, жумушчулар жетишсиз болуп жатканын БШКнын турак жай-коммуналдык чарба, күйүүчү-майлоочу материалдар, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында вице-мэр Рамиз Алиев билдирди. Анын айтымында, жумушчулардын аз болуп жатканына айлык маяна, экинчиден, бул иштин келечексиз экендиги себеп болуп жатыптыр. “Андыктан таштанды чыгаруу боюнча

Ала-Бука районунда жаңы 150 орундуу мектеп ачылды

Ала-Бука районунда жаңы 150 орундуу мектеп ачылды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Кара-Үңкүр айылында 150 орундуу мектеп ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган мектеп райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен курулуп, ички эмеректери жана жасалгалоо иштери жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланган.  Ошондой эле мектептин ашканасы БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан керектүү жабдуулар менен камсыздалган.

"Росатом" 2026-жылы Кыргызстанда шамал электр станциясын курууну баштаганы турат

"Росатом" 2026-жылы Кыргызстанда шамал электр станциясын курууну баштаганы турат

"Росатом" 2026-жылы Кыргызстандагы кубаттуулугу 100 МВт болгон шамал электр станциясын (ШЭС) курууну баштоону пландап жатат. Азыр объектти долбоорлоо иштери башталып калганын "Росатомдун кайра жаралуучу энергиясы" АКнун ("Росатомдун" мамлекеттик корпорациясынын мекемеси) башкы директору Григорий Назаров ТАСС МАне билдирген. “Биз ноябрда бул станциянын туташтыруу шарттарын алдык,

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бекитилди

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бекитилди

Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүнкиргизүү боюнча токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Токтом менен 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүктүн сүрөттөлүшү жана үлгүсү бекитилди. Учурда берилген 2019-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүн берүү бул айдоочулук