Кыргызстандын аймагынан көмүрдү ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Кыргызстандын аймагынан көмүрдү ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети көмүрдү Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салууну киргизген токтом кабыл алды.

Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Документке ылайык, өлкөнүн көмүрү автомобиль транспорту менен (“Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” автомобилдик өткөрүү пункттарын кошпогондо) жарым жылдык мөөнөткө экспорттолбойт. 

Токтомдун негизинде Экономика жана коммерция министрлигине, Тышкы иштер министрлигине, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына тиешелүү тапшырмалар берилди. 

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

“Манас” аэропортунун реконструкциясы майда аяктайт

“Манас” аэропортунун реконструкциясы майда аяктайт

“Манас” эл аралык аэропортунун реконструкциясы май айында аяктарын “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын инфраструктура жана аймактык аэропорттор боюнча директору Алтынбек Мамбетов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө “Манас” эл аралык аэропорту боюнча эки этапка бөлүнгөн иштердин биринчи этабы график боюнча аяктады. “Бул учуп-конуу тилкесине асфальт төшөө, жарыктандыруу системаларын

Ош шаарындагы объектилер Курулуш министрлигине өткөрүлөт – Н.Орунтаев

Ош шаарындагы объектилер Курулуш министрлигине өткөрүлөт – Н.Орунтаев

Ош шаарында курулуп жаткан бардык объектилер Курулуш министрлигинин карамагына өтүп, аягына чыгарыларын курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарында ишкерлер менен жолугушкан учурда билдирди. "Президенттин атайын тапшырмасына ылайык бардык курулуштар боюнча тийиштүү көрсөтмөлөрдү алып келдик. Биринчи этап боюнча, курулушу жүрүп жаткан, бирок аягына чыга

Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 2026-жылдын январында азайды

Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 2026-жылдын январында азайды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь айында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулган акчанын таза агымы 220,3 млн $ түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын декабрь айындагы 267,6 млн $ салыштырмалуу төмөндөгөн. Маалыматка караганда, акча которуулардын негизги бөлүгү Россиядан которулуп келген. Январь айында бул өлкөдөн 200,8 млн $ которулуп, жалпы агымдын

Быйыл дыйкандарга 3,7 млрд сомго 1 089 даана техника берилди

Быйыл дыйкандарга 3,7 млрд сомго 1 089 даана техника берилди

Айыл чарба тармагын колдоо максатында 2026-жылы дыйкандарга 3,7 млрд сомго 1 089 даана заманбап техника берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылдан бери Министрлер Кабинетинин колдоосу менен "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" аркылуу 7 лизинг