Үнөмдүү жана ыңгайлуу: электроунаалар шаардык таксинин көрүнүшүн кантип өзгөртүп жатат

Үнөмдүү жана ыңгайлуу: электроунаалар шаардык таксинин көрүнүшүн кантип өзгөртүп жатат

Кыргызстандын такси автопарктарындагы электрунаалардын саны өсүүдө. Бул тармактагы эң ири оюнчулардын бири - экологияга жана натыйжалуулукка артыкчылык берген – “Go Park”. Эмне үчүн бизнес электроунааларды тандап жатат, айдоочулар бул өзгөрүүлөргө кандай карашат жана жалпысынан жүргүнчүлөрдү ташуу тармагында эмне өзгөрүүлөр бар - биздин материалда.

 Экологиялык таза, ыңгайлуу жана кирешелүү

 Такси рыногунда Яндекс Goнун өнөктөшү “Go Park” өткөн жылдын май айынан бери иштеп, өзүнүн алгачкы 12 электрокарын сатып алып, ишин баштаган. Бир жарым жылдын ичинде парк 2024-2025-жылдар аралыгындагы Кытайдан чыккан электроунааларды сатып алып, 600 ашык унаага көбөйткөн. Дагы жүзгө жакын унаа азыр Бишкекке келе жатат. Жүргүнчүлөрдү ташуучу компания борбор калаада, Караколдо, Таласта иштейт жана жакында башка аймактарга да жайылтуу пландаштырууда.

 “Биз атайылап бензин жана дизелдик унаалардан баш тартып, “жашыл шаар” концепциясын колдодук - бул биздин түтүнгө каршы күрөшкө кошкон салымыбыз.” Анын үстүнө, электр унаалары абдан үнөмдүү болушат. Айдоочулар үчүн бул идеалдуу вариант. Техникалык тейлөөсү дагы кадимки унааларга караганда арзаныраак. Биздин жумуш башталгандан бери BYD e2 электрунааларыбыздын бири да оңдоого муктаж болгон жок. Айрымдары 100 миң километр жүргөнүнө карабастан, бир дагы айдоочу колодкаларын да алмаштыра элек,” – дейт, электр унааларынын артыкчылыктарын санап жатып, “Go Park” ишканасынын операциялык директору Фархат Камчыбеков.

 Анын айтымында, азыркы тапта жол кыймылында бул унааларды баары тааныйт жана жүргүнчүлөр арасында экологиялык жактан таза транспортко болгон кызыгуу өсүүдө. Өз кезегинде бизнес суроо-талапка тез жооп берип жатат. Жакында эле Бишкектеги Яндекс Go тиркемесинде «Электро» тарифи пайда болгон. Учурда анда 2500дөн ашуун автомобилдик маркалар BYD, Weltmeister, Changan жана FAWдын заманбап жана кенен унаалары бар. Таксопарктын өкүлүнүн айтымында, бул тарифти көбүнчө ыңгайлуулук менен тынчтыкты сүйгөндөр тандашат.

 «Такси кызматы үчүн электрокарды айдоочулар бөлүп төлөө шарты менен, баштапкы төлөмсүз сатып ала алышат. Айдоочу иштеп, үзгүлтүксүз төлөмдөрдү жүргүзө берет жана убакыттын өтүшү менен унаа анын менчигине айланат. Бул система айдоочулар үчүн түшүнүктүү жана ыңгайлуу», - дейт «Go Parkтын» башкы операциялык директору Фархат Камчыбеков.

 Жалпысынан такси рыногу жөнүндө айтып жатып, ал Салык кодексиндеги акыркы өзгөртүүлөрдү белгиледи - ушул жылдын 1-сентябрынан тартып маалымат системаларына салык агенттери статусу берилген.

«Бул айдоочулар үчүн чоң артыкчылык. Мурда такси айдоо кошумча жумуш сыяктуу эсептелчү. Эгерде адам банктан насыя алса, анын кирешеси расмий болуп саналчу эмес. Азыр баары башкача. Эми платформа ар бир жүрүштөн салыкты автоматтык түрдө өзү кармап калат жана которот, системада бул дароо чагылдырылат. Мындай чечим биздин рынокту ачык-айкын жана айдоочулардын ишин коопсуз кылат”, - деп жыйынтыктады Фархат Камчыбеков.

“Жөн гана иштеш керек”

 40 жаштагы Мирлан Салыкеевдин унаа башкаруудагы биринчи смени мындан он жыл мурда башталган. Азыр ал үчүн - такси айдоо кошумча иш эмес, анын негизги жана туруктуу киреше булагы болуп саналат.

«Мен бир нече жылдан бери сервис аркылуу буйрутмаларды кабыл алып жатам. Мага ыңгайлуу: жакшы навигация жана эң башкысы, буйрутмалар тез келет, күтүп олтурбайсың. Киреше канча саат айдаганыңа жараша болот. Орто эсеп менен айына 100 миң сомдон ашык табып, 60-70 миң сом таза киреше алса болот. Болгону, жөн гана иштеш керек», - дейт айдоочу.

 Электрунаасын ал жарым жыл мурда бөлүп төлөө жолу менен сатып алган жана азыр бензин менен жүрүүчү унаага кайра өтүүнү каалабай турганын мойнуна алат. Анын билдирүүсүнө караганда, мында экономдуулук - негизги артыкчылык.

 “Азыр бензин кымбат, 10 литр 700 сом турат, бул болжол менен 90 километрге гана жетет. Мен 500 сомдук заряд алып, күн бою айдап, 200-300 км жол жүрөм. Бул жерде күйүүчү майдын үнөмдүүлүгү жалгыз артыкчылык эмес. Машине ыңгайлуу, тынч жана андан түтүн же күйүүчү майдын жыты чыкпайт. Трассада жумшак жүрөт жана жолду жакшы кармайт. Ошондой эле ага минималдуу салым талап кылынат. Азырынча мен айдап баштагандан бери жалгыз чыгымым - кышкы дөңгөлөккө кетти”, - дейт Мирлан.

 Электрунааларын кубаттоочу станциялар азыр шаарда көп, ошондуктан кезекке туруш кажет эмес. Ага алыскы аралыкка жол жүрүү дагы көйгөй жаратпайт – буга чейин өзүнүн “элетричкасы” менен Кемин, Чолпон-Ата шаарларына буйрутма менен барып келген.

 “Мен Кеминге улгайган кишини алып алып барып, 120 км жол жүрдүм. Үйүнө жеткенде ал киши ошол жакка түнөп, эс алып кетишимди сунуштады. Мындай боорукер жүргүнчү менен тааныш болуу мага жагымдуу болду. Азыр мындайлар аз– дейт, айдоочу жагымдуу окуялары менен бөлүшүп жатып.

Ушул жылдын август айында Кыргызстанга киргизилген жүргүнчүлөрдү ташуучу таксилерге лицензия берүү бул айдоочу үчүн жаңылык деле эмес. Ал сегиз жыл бою Россияда жашап, мындай система ал жакта  көптөн бери иштеп жатканын билет. Бул ташуучулар үчүн кызмат көрсөтүү сапатын көзөмөлдөөнү жана ачык-айкындуулукту кепилдейт, саякаттоону коопсуз кылат.

Келечек пландар тууралуу суроо салганда, Мирлан Салыкеев - "талыкпай иштеп, эки балама жакшы тарбия беришим керек”, - деп жакшы ниети менен бөлүштү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын аймагынан көмүрдү ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Кыргызстандын аймагынан көмүрдү ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети көмүрдү Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салууну киргизген токтом кабыл алды. Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.  Документке ылайык, өлкөнүн көмүрү автомобиль транспорту менен (“Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” автомобилдик өткөрүү пункттарын кошпогондо) жарым жылдык мөөнөткө

Жол кырсыгын алдын алуу үчүн ӨКМ унаалардын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырууну сунуштайт

Жол кырсыгын алдын алуу үчүн ӨКМ унаалардын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырууну сунуштайт

Бүгүн Талас, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан, Чүй жана Баткен облусунун тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы ЧҮЙ өрөөнүндө +11... +16, Талас жергесинде +8… +13, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +8... +13,

КРнын депозиттик базасынын өсүшү боюнча планы 101,4 % аткарылды

КРнын депозиттик базасынын өсүшү боюнча планы 101,4 % аткарылды

2019–2025-жылдары депозиттик базанын өсүшү Депозиттерди коргоо Агенттигинин капиталын олуттуу көбөйттү. КРнын жарандары коммерциялык банктарга салган депозиттеги акчаларын коргоо максатында түзүлгөн Фонддун суммасы ай сайын көбөйүп жатат. Бул тууралуу КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев  билдирди. “Депозиттерди коргоо фонду өз каражаттарынын эсебинен туруктуу өсүүнү сактап келе жатат.

М.Тургунбаев: Бардык колдонуучуларга тиешеси бар маанилүү чечим кабыл алынды

М.Тургунбаев: Бардык колдонуучуларга тиешеси бар маанилүү чечим кабыл алынды

КРнын Улуттук банкынын башкармасы кабыл алган токтомго ылайык, мобилдик тиркемелер жана интернет-банкинг аркылуу жүргүзүлгөн улуттук валютадагы ички акча которуулар үчүн алынуучу комиссиялар эми жокко чыгарылат. Мындай билдирүүнү Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев жеке баракчасында жарыялады. Анын айтымында 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин банктар жана төлөм уюмдары мындай операциялар үчүн жеке жактардан