Жалал-Абаддын Атана айылындагы маданият үйү 10 млн сомго толук жаңыланды
Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Атана айылындагы маданият үйү толук жаңыланды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, капиталдык оңдоо иштери республикалык бюджеттен каржыланып, 10 миллион сом бөлүнгөн.
Маданият үйү 1959-жылы курулуп, андан бери толук капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Курулуш министрлиги тарабынан быйылкы жылдын январь айында жаңылоо иштери башталып, бүгүнкү күндө толук аяктады.
Оңдоо учурунда имараттын ички бөлүктөрү толугу менен жаңыланып, жарыктандыруу системасы алмаштырылды, ал эми сырткы фасады заманбап талаптарга ылайык жасалды. Жакынкы күндөрү маданият үйү пайдаланууга берилет.


