Жол кырсыгын алдын алуу үчүн ӨКМ унаалардын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырууну сунуштайт
Бүгүн Талас, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан, Чүй жана Баткен облусунун тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу
КР ӨКМ басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы ЧҮЙ өрөөнүндө +11... +16,
Талас жергесинде +8… +13,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +8... +13,
Ысык-Көлдө +4... +9,
Нарында +1... +6 градус болот.
Бишкек шаарында абанын табы +12... +14 градусту түзүп, ала-булут каптап турат.
ӨКМ жаан-чачын күтүлгөн аймактарда жашагандарга кол чатыр ала жүрүүнү ошондой эле унаалардын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырууну сунуштайт.