Социалдык пенсия көлөмү 5 жылда 2 эсеге өстү

Социалдык пенсия көлөмү 5 жылда 2 эсеге өстү

2020–2024-жылдар аралыгында аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү пособие боюнча дайындалган айлык жөлөк пулдун өлчөмү 1,6 эсеге, ал эми социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 2,1 эсеге өсүп, 2024-жылдын аягына карата бир алуучуга 6324,5 сомдон туура келгенин Улуттук статистика комитети "Кыргыз Республикасынын калкынын жашоо деңгээли 2020–2024" аттуу докладында маалымдаган.

2024-жылдын аягына карата мамлекеттик жөлөкпулдардын алуучуларынын саны 329,4 миң адамды түздү.
Анын ичинде аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөргө берилүүчү айлык жөлөкпулдун (ЕПМС) алуучулары — 61,8 миң үй-бүлө же 218,3 миң адам, социалдык жөлөкпул алуучулар — 110,8 миң адам.

Акыркы беш жыл ичинде социалдык жөлөкпул алуучулардын саны 16,2%га өссө, ЕПМС (УБК) алуучулардын саны тескерисинче 35,9%га кыскарган.

Мындан тышкары окуңуз

Өзбекстан "Камбар-Ата-1 ГЭС" долбоорун каржылоого расмий түрдө киришет

Өзбекстан "Камбар-Ата-1 ГЭС" долбоорун каржылоого расмий түрдө киришет

Өзбекстан келерки жылдан тарта "Камбар-Ата-1 ГЭС" долбоорун каржылоого расмий түрдө киришерин президент Шавкат Мирзиёев Ташкентте өтүп жаткан "Туруктуу энергетика – Жаңы Өзбекстан келечегине ишенимдүү кадам" аттуу эл аралык конференцияда айтканын президенттин басма сөз кызматы билдирген. Президенттин айтымында, акыркы жылдары өлкөнүн энергия өндүрүү кубаттуулугу кыйла арткандыктан, Өзбекстан кошуна

Алматыдан Караколго авиакаттам ачылды

Алматыдан Караколго авиакаттам ачылды

5-декабрдан тарта Алматы - Каракол түз аба каттамы ачылганы “Кабар” агенттигине “Кыргызстан аэропорттору” ААКтан билдиришкен. Маалыматка ылайык, каттам Кыргызстандын мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы тарабынан ачылган. Жумасына эки ирет - жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.“Аба каттамы азырынча кышкы сезон учурунда гана ачылып жатат. Билеттердин баасы 6500 сом, 39 000 теңге,

МИК 35, 40 кабаттуу 14 үйдү куруп баштады

МИК 35, 40 кабаттуу 14 үйдү куруп баштады

Бишкек шаарынын Достоевский көчөсүндө, Анкара көчөсүнө жакын жайгашкан жерде МИК жаңы объектини куруп баштады. Бул жерде 35 кабаттан турган 10 үй, ошондой эле 40 кабаттан турган 4 үй куруу пландаштырылып жатат. Жалпы батирлердин саны - 4 160 батир. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсынын калк

Мыйзамсыз менчиктештирилген 11,1 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз менчиктештирилген 11,1 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Жалал-Абад облусунун Жийде айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Букл тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Жалал-Абад облусунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө Сузак районуна караштуу Жийде айылында жайгашкан мурдагы профилакторияга тиешелүү 1 140 чарчы метр жер тилкеси жана имараты мыйзамсыз жеке менчикке өткөнү аныкталды. Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында базар баасы 11,1