Бишкек жана Кипр шаардык инфраструктураны өнүктүрүүнү талкуулашты
Бишкек шаардык муниципалитетинин жыйындар залында мэрдин орун басары Рамиз Алиев менен Кипр Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кипрос Гиоргаллистин жолугушуусу болду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Жолугушуунун максаты — шаарды өнүктүрүү, жол кыймылын башкаруу, ошондой эле коопсуз жана натыйжалуу транспорттук инфраструктураны камсыздоо боюнча кызматташууну талкуулоо болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар шаардык чөйрөнү өнүктүрүүдөн тартып транспорттук коопсуздукту жогорулатууга чейин реалдуу кызматташуу багыттарын аныкташты.
Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга үмүт артканын билдиришти.


