Сергей Собянин москвалык эксперттерге "көчө шыпыруу" кеңешин берди

Сергей Собянин москвалык эксперттерге "көчө шыпыруу" кеңешин берди

Москва мэри Сергей Собянин борбор калаада иштеген эмгек мигранттарынан нааразы болгондорду кескин сынга алганын "Москва жаңылыктары лентасы" порталы жазды.

Ал Москвага жогорку квалификациялуу адистер гана керек деген пикирлерге жооп берди.

"Эгер бул эксперттер ушунчалык демилгелүү болсо, анда мен аларга: "Шыпыргыны алып, жогорку билими, доктордук диссертациясы менен Москвадагы бир короону шыпырып көрүшсүн. Алар муну кылат деп ойлобойм. Анда бул ишти ким кылат? Андай болсо биз жогорку билимдүү мигранттарды алып келип, москвалыктар жогорку квалификациялуу жумуш орундарын аларга берип, өздөрү жол шыпырышы керекпи? Бул логиканы түшүнбөй турам", — деди ал.

Сергей Собянин ошондой эле оор жана квалификация талап кылбаган жумуштарды жасоого даяр мигранттардын болушу позитивдүү көрүнүш экенин белгиледи. Анткени бул тармакта да кадрлар жетишсиз. Анын айтымында, 2018-жылдан бери эмгек мигранттарынын саны өзгөргөн эмес жана айрымдар айтып жүргөндөй "мигранттардын массалык агылып келиши" чындыгында жок.

Мындан тышкары окуңуз

Кузбасска Кыргызстан, Казакстандан 121 тонна жашылча жеткирилди

Кузбасска Кыргызстан, Казакстандан 121 тонна жашылча жеткирилди

Кузбасс аймагына Кыргызстандан жана Казакстандан 121 тонна жаңы жашылча жеткирилгенин Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын Сибирь аймактар аралык башкармалыгы билдирди. Жалпы жүктүн 66 тоннасы баш пияз, 33 тоннасы жаңы помидор жана 20 тоннасы сабизди түзөт. Өнүмдөр Кемерово шаарындагы сыноо лабораториясында бардык зарыл изилдөөлөрдөн өткөрүлгөн. Маалыматта белгиленгендей, жүктөргө

"Автомобилист" ААКнын мүлкү мамлекетке өтөт

"Автомобилист" ААКнын мүлкү мамлекетке өтөт

Министрлер кабинети "Мамлекеттик финансы холдинги" ААКсына "Автомобилист" ААКынын кредитордук карыздарын жабуу эсебинен алынган мүлктү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүнү сунуштады. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Жер тилкеси менен кошо комплекстин аянты 15 миң чарчы метрден ашык болуп, ал Каракол шаарында, Ысык-Көл облусунда жайгашкан.

Президент кыргыз жарандыгына кабыл алуу жана ажыратуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду

Президент кыргыз жарандыгына кабыл алуу жана ажыратуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду

КРнын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу жөнүндө Жарлыктарына кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Президент кол койгон документтер КРнын жарандыгына кабыл алуу, жарандыктан чыгуу жана жарандыктан ажыратуу маселелерин камтыйт. Бул чечимдер өлкөнүн мыйзамдарына ылайык кабыл алынып,

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен башкармалыгы тарабынан “Ак-Тилек автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 29-мартта Казакстанстандан импорттолуп кирген 25 тонна пияз продукциясын текшерүү учурунда анын таңгагында тиешелүү маркировкасы жок экендиги аныкталды. Евразия экономикалык