Манас шаарында 113,9 млн сомдук имарат муниципалдык менчикке кайтарылды

Манас шаарында 113,9 млн сомдук имарат муниципалдык менчикке кайтарылды

Жалал-Абадда 113,9 млн сомдук стоматологиялык имарат жана 2 595 чарчы метр жер мыйзамсыз сатылганы аныкталып, муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Манас шаарынын борборунда жайгашкан "Жалалабадстоматология" стоматологиялык поликлиникасынын 992 чарчы метр имараты жана 2595 чарчы метр жер тилкеси 2000-жылдары жеке менчикке мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында базар баасы 113 млн 872 миң сомдук жогоркуда белгиленген имарат жер аянты менен биргеликте муниципалдык менчикке кайтарылды.

Мындан тышкары окуңуз

Өкмөт облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү тартибин бекитти

Өкмөт облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү тартибин бекитти

Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Жаңы жобо облигацияларды чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана жоюу тартибин аныктоого багытталган. Ошондой эле облигациялар менен байланышкан мамилелерди бирдей жөнгө салуу жана инвесторлордун укуктарын коргоо максатын көздөйт. Бул

Профсоюз көчөсүндө мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо уланууда

Профсоюз көчөсүндө мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо уланууда

Бишкек шаарында Профсоюз көчөсүнүн уландысын куруу долбоорунун алкагында жол курууга тоскоол болгон объектилерди демонтаждоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы көчөнүн эки тарабында муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилерди аныктап, алып салуу иштерин улантууда. Акыркы бир жума ичинде төмөнкү объектилер демонтаждалды: * капиталдык тосмолор — 58

Кыргызстандагы эки коммерциялык банкка айып пул салынды

Кыргызстандагы эки коммерциялык банкка айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн эки коммерциялык банкка Улуттук банк тарабынан атайын чара колдонулду. Улуттук банк тараткан расмий маалыматка караганда, ар бир коммерциялык банкка 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бирок, маселе кайсыл коммерциялык банк жана кандай мыйзам талаптарын

Россияда бензиндин биржалык баалары кескин жогорулады

Россияда бензиндин биржалык баалары кескин жогорулады

Бензиндин баасы Санкт-Петербург товардык биржасында жыл башынан берки эң жогорку деңгээлге жеткенин Lenta.ru маалымдады. 16-марттагы соода жыйынтыгында аталган биржада бензин жана дизелдик күйүүчү майдын баалары жыл башынан берки рекорддук деңгээлди жаңылады. * Аи-92 бензини 2,02%га кымбаттап, тоннасы 66 514 рублга жетти; * Аи-95 бензини 1,63%га өсүп, 70