Россияда бензиндин биржалык баалары кескин жогорулады

Россияда бензиндин биржалык баалары кескин жогорулады

Бензиндин баасы Санкт-Петербург товардык биржасында жыл башынан берки эң жогорку деңгээлге жеткенин Lenta.ru маалымдады. 16-марттагы соода жыйынтыгында аталган биржада бензин жана дизелдик күйүүчү майдын баалары жыл башынан берки рекорддук деңгээлди жаңылады.

  • Аи-92 бензини 2,02%га кымбаттап, тоннасы 66 514 рублга жетти;
  • Аи-95 бензини 1,63%га өсүп, 70 074 рубл болду;
  • жайкы дизелдик күйүүчү май 1,84%га кымбаттап, 64 619 рублга жетти.

Бул көрсөткүчтөр акыркы жолу өткөн жылдын октябрь айында ушундай деңгээлде болгон. Январдан бери баалар 15%дан ашык өскөн.

Буга чейин рыноктун катышуучулары Россияда жайкы дизелдик күйүүчү майдын биржалык баасы кыйла өсүшү мүмкүн экенин эскертишкен. Себеп катары кеч келген жаз жана мунай иштетүүчү заводдордогу пландуу оңдоо иштер көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, учкучсуз учуучу аппараттардын (дрондордун) мүмкүн болгон чабуулдары сунуш көлөмүнө терс таасирин тийгизиши ыктымал.

Ошол эле учурда россиялык өндүрүүчүлөр дизелдик күйүүчү майды Бразилияга экспорттоону эки эсеге көбөйтүштү. Февраль айында Европа Биримдиги россиялык мунайдан өндүрүлгөн нефтепродукттарды импорттоого тыюу салгандан кийин, бул өлкөгө жеткирүүлөр 680 миң тоннага жеткен. Жылдык көрсөткүч менен салыштырганда өсүш 68%ды түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media