Ош шаарында суу коргоо тилкесин бузган ишканага 130 миң сом айып салынды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы “Фирма МПА” ЖЧКсынын “Жекелик” каналынын суу коргоо тилкесинде мыйзамсыз жайгашканын аныктады. Текшерүү учурунда, компаниянын суу коргоо зоналарынын талаптарын сактабаганы белгилүү болду.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, аталган ишканага Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 149-беренеси боюнча 100 000 сом, 247-беренеси боюнча 17 000 сом айып пул салынды. Мындан тышкары, ишканага “Жекелик” каналынын суу коргоо тилкесин бошотуу жана мыйзам талаптарын аткаруу боюнча жазма буйрук берилди, аны аткаруу үчүн бир айлык мөөнөт белгиленди.
Бирок контролдук текшерүүдө талаптар аткарылбаганы аныкталды. Натыйжада “Фирма МПА” ЖЧКсына Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренеси боюнча кошумча 13 000 сом айып пул салынды. Жалпысынан компанияга 130 000 сом айып пул жазылган.