Суу тазалагыч фильтрди койгондо, суунун пайдасы жоголот

Суу тазалагыч фильтрди койгондо, суунун пайдасы жоголот

Бишкектиктерге суу тоодон түшкөн арыктан берилбейт. Шардыктар үчүн артезин суусу 200м тереңдиктен алынат жана тазаланып, хлорлонуп, бактерияланып, анан элге берилет. Мындай маалыматты Бишкек суу каналынын Суунун жабдуу кызматынын башчысы Кеңешбек Акматов Биринчи радионун “Маанилүү маек” программасынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, суу хлорлонуп, чыпкалануудан сырткары бактерияциддик лампа түтүктөрү аркылуу өткөрүлөт. Суунун сапатын атайын лабороториянын өкүлдөрү күн сайын анализдеп, текшерип турат. Тийиштүү учурда суу түтүктөрү атайын тазалануудан өтөт.   

Бишкек шаарындагы суу түтүктөрүнөн келген суунун сапаты абдан жакшы. Анын курамында тийиштүү заттын баары бар. Ал эми үйлөргө фильтр коюштун менимче кажети жок. Албетте фильтр коюш ар бир жарандын өз эрки. Бирок аны койгондо суудагы болгон керектүү жана керексиз заттын баары өлүп калат да, суунун эч кандай пайдасы жок, өлүк суу болуп калат.” – деп билдирди, Кеңешбек Акматов.

Адистин айтымында, илгери сыртка чыгып агып турган суу азыр 100 метрге чейин терең качып кетти. Андыктан ашыкча чыгым кылбоо максатында, эсептөөчү каражаттарды койдуруу аракети кызуу жүрүп жатат. Сууну ашыкча чыгымдоо көйгөйү айрычка жеке менчик үйлөрү жайгашкан конуштарда көп кездешет.   

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб АӨБдөн 45 млн доллар насыя, 20 млн грант алуу долбоорун жактырды

МинКаб АӨБдөн 45 млн доллар насыя, 20 млн грант алуу долбоорун жактырды

Министрлер кабинети 2025-жылдын 5-ноябрындагы №944-т токтому менен Кыргызстан жана Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) ортосундагы "Жеткиликтүү жана энергияны үнөмдүү турак жайга жетүүнү кеңейтүү" долбоору боюнча насыя жана гранттык макулдашуулардын долбоорлорун жактырды. Документке ылайык, Каржы министри макулдашууларга Кыргыз Республикасынын атынан кол коюу, ошондой эле мазмунун өзгөртпөй турган мүнөздөгү түзөтүүлөрдү жана

Шахимардан сугат системасын реконструкциялоо 11-декабрда башталат

Шахимардан сугат системасын реконструкциялоо 11-декабрда башталат

Кадамжай районундагы Мухтар Нургазиев атындагы магистралдык каналдын башкы суу алуу түйүнүндө 11-декабрда "убакыт капсуласын" салуу аземи өтөрүн Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, бул долбоор региондун айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Шахимардан ирригациялык системасын модернизациялоо долбоорунун башталышын туюндурат. Аземге вице-премьер-министр — суу ресурстары, айыл чарба жана

Кыргызстанда "30+20+10" долбоору менен агрардык тармак толук санариптештирилди

Кыргызстанда "30+20+10" долбоору менен агрардык тармак толук санариптештирилди

Кыргызстандын агрардык тармагын санариптештирүүгө багытталган "30+20+10" улуттук долбоору өлкө боюнча активдүү ишке ашууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен мурдагы "3+2" форматы кеңейтилип, эми кайра иштетүү тармагын да камтыган комплекстүү платформага айланган. Министрликтин маалыматына ылайык, долбоордун алкагында

Быйыл Кыргызстанда калемпир, сабиздин түшүмдүүлүгү жакшы болгон

Быйыл Кыргызстанда калемпир, сабиздин түшүмдүүлүгү жакшы болгон

Кыргызстанда 2025-жылдагы түшүм жыйноо иштери дээрлик  98–99%га аяктаганын радио эфиринде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын начальниги Турат Идирисов билдирди. Анын айтымында, быйылкы сезон аптаптуу ысык жана кургакчылык менен коштолуп, айрыкча кайракы жерлерге олуттуу таасирин тийгизген. Буудай жана