10-декабрь - Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо күнү

10-декабрь - Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо күнү

Бүгүн президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды адам укуктарын коргоо күнү менен куттуктады.

Өлкө башчы куттуктоо сөзүндө - бийлик жарандардын укуктарын коргоого, сот институттарын чыңдоого, демократиялык процесстерди өнүктүрүүгө жана сапаттуу билим берүүгө, ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө көңүл бурууга маани берерин билдирди.

Ошондой эле мамлекет аялдарды, балдарды жана аялуу топторду коргоо, аларды басмырлоого каршы күрөшүү боюнча ырааттуу иш жасап келатканын кошумчалады.

“Мына ушундай маанилүү күндө мекендештеримди ар бир жарандын адамдык ар-намысын, кадыр-баркын, көп түрдүү пикирлерин жана элибиздин руханий жана маданий баалуулуктарын урматтоого чакырам. Адам укуктарын коргоо, жарандарды социалдык же башка абалына карабастан, алардын бардыгына сый-урмат көрсөтүү – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, коопсуздугуна жана балдарыбыздын жаркын келечегине негизги салым болуп эсептелет”, - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

1948-жылдын 10-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы Адам укуктары боюнча жалпы декларацияны кабыл алган. 1992-жылы Кыргызстан БУУга кошулгандан кийин, өлкөбүз адам укуктарынын жалпы ченемдерин тааныйт жана колдоп келет.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын

Менчиктештирүү жөнүндө жаңы мыйзам долбоору парламентке киргизилди

Менчиктештирүү жөнүндө жаңы мыйзам долбоору парламентке киргизилди

Жогорку Кеңешке мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү масштабдуу реформалоо тууралуу мыйзам долбоору киргизилди. Документ мамлекеттик активдерди сатуу механизмдерин түп-тамырынан өзгөртүүнү жана инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнү сунуштайт. Демилгечи — Министрлер кабинети. Долбоорго ылайык, мыйзамдардан буга чейин колдонулуп келген бир катар менчиктештирүү ыкмалары алынып салынат. Атап айтканда, конкурс аркылуу сатуу, ошондой эле мүлктү ижарага же

Бишкекте жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери башталат: кайсы көчөлөр жабылат?

Бишкекте жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери башталат: кайсы көчөлөр жабылат?

Борбор калаада 15-апрелден тарта Шабдан Баатыр көчөсү жана Фрунзе көчөсү тилкелеринде жылуулук тармактарын реконструкциялоо башталарын муниципалдык "Бишкекжылуулук тармактары" ишканасы билдирди. Анын маалыматына ылайык, Шабдан Баатыр көчөсүнүн түштүк тарабы — Курманжан Датка көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин, ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Шабдан Баатыр

Жеке мектеп, бала бакча куруучуларга 2 гектарга чейин жер бекер берилет – Садыр Жапаров

Жеке мектеп, бала бакча куруучуларга 2 гектарга чейин жер бекер берилет – Садыр Жапаров

Мамлекет жеке менчик бала бакчаларды жана мектептерди куруу үчүн жер бөлүп берүүгө даяр экенин президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусунун Араван району тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, кимде-ким бала бакча же мектеп курууну кааласа, жер акысыз берилет: район борборлорунда, чакан шаарларда, облустук борборлордо, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында.