"Манас" театрындагы манасчылардын ортосунда чатак чыгып, иликтөө башталды
Кече, 9-декабрда социалдык тармактарда Кыргыз улуттук “Манас” театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалымат жарыяланган.
Бул боюнча бүгүн Маданият жана маалымат министрлиги аталган жагдайды жеринде тактап, объективдүү баа берүү максатында КРнын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги атайын комиссия түзгөндүгү тууралуу билдирүү таратты.
Иликтөө толук бүткөн соң, министрлик коомчулукту жыйынтыктары боюнча кабардар кылмакчы болду.
Эске салсак, "Манас" театры мындан 2 жыл мурда салынган жана анда манасчылар, төкмө акындар эмгектенишет.