Салык кызматында "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу темасында лекция өттү

Салык кызматында "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу темасында лекция өттү

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери үчүн “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу темасында агартуучулук лекция өткөрүлдү.

МСКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, лекциянын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин коомдук биримдикти чыңдоодогу, улуттук биримдикти бекемдөөдөгү жана мамлекеттик кызматкердин кесиптик маданиятын калыптандыруудагы орду кеңири талкууланды.

Мындай маданий-агартуу иш-чаралары аркылуу кызматкерлердин мамлекеттик тилди терең өздөштүрүүсүнө, аны күнүмдүк иште туура жана натыйжалуу колдонуу маданиятын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле, катышуучулар кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кылымдар бою уланган тарыхый мурастары, руханий жана маданий баалуулуктары тууралуу маалыматтарды талкуулап, аларды сактоо жана өнүктүрүүнүн коом үчүн гана эмес, ар бир мамлекеттик кызматкердин жеке өсүшү үчүн да маанилүү экенин баса белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Максым даярдоо салттуу ыкмасы ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди

Максым даярдоо салттуу ыкмасы ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди

Кыргызстандын улуттук суусундугу болгон максым даярдоонун салттуу ыкмалары ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдүү тизмесине расмий түрдө киргизилгенин ЮНЕСКО иштери боюнча КРнын Улуттук комиссиясы билдирди. Маалыматка ылайык, чечим 2025-жылдын 10-декабрында, Индиянын Нью-Дели шаарында 8–13-декабрда өтүп жаткан Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин 20-сессиясында бир добуштан

БШК: 87 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланды

БШК: 87 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланды

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары тууралуу токтомду кабыл алды. Бул тууралуу БШКдан маалымдашты. Билдирүүгө караганда, БШК 30 көп мандаттуу округда шайлоо өткөнүн таанып, шайлоонун жыйынтыктарына ылайык 29 көп мандаттуу округдан 87 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланды. Ал эми №13 округда

Аламүдүн, Ала-Арча суу нугунан 107 миң тонна таштанды алынды

Аламүдүн, Ала-Арча суу нугунан 107 миң тонна таштанды алынды

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, шаардагы дарыялар менен каналдарды тазалоо жана иретке келтирүү боюнча комплекстүү иштердин алкагында Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын нугу тазаланып, 107 миң тонна таштанды чыгарылды. Ошондой эле дарыялардын эркин агышын камсыздоо, суу каптоонун алдын алуу жана коопсуз, экологиялык жактан таза шаардык чөйрө түзүү максатында, дарыялар менен каналдардын боюна

МинКаб электр энергиясынын жаңы тарифтерин коомдук талкууга чыгарды

МинКаб электр энергиясынын жаңы тарифтерин коомдук талкууга чыгарды

МинКаб 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Документ жарандар жана эксперттердин сунуштары менен пикирлерин билүү үчүн жарыяланды. Долбоорго ылайык, өкмөт убакыт боюнча дифференцияланган тарифтерди кеңири киргизүүнү сунуштап жатат. Мунун максаты — эл электр энергиясын көп колдонгон сааттарда энергия системасына жүктөмдү