"Тазалык" күчөтүлгөн режимде иштеп жатат
Бүгүн түнкү саат 2ден баштап "Тазалык" муниципалдык ишканасынын бардык техникасы жана нөөмөттөгү бригадалары жолдо иштеп жатышат. Атайын адистештирилген техникалар жолдорду биринчи иштетүүдөн өткөрүп, активдүү тазалоону улантууда.
Жол жумушчулары тротуарларды, аялдама комплекстерин жана коомдук жайларды кардан тазалап жатышат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлады.
Тазалоого төмөнкүлөр тартылган:
- 45 атайын техника;
- 24 "Беларус" трактору щетка жана күрөктөрү менен;
- 3 фронталдык жүктөгүч;
- 4 "Хово" унаасы оодарылмалары менен;
- 2 калактуу жүктөгүч;
- 48 жол жумушчусу.
