Жаңы жылдан тарта ЖК депутаттары манжа изи же жүздү тааныган тутум менен добуш беришет

Жаңы жылдан тарта ЖК депутаттары манжа изи же жүздү тааныган тутум менен добуш беришет

Жогорку Кеңештин депутаттары манжанын изи же адамдын жүзүн тааныган функциясы бар электрондук тутум менен добуш берүү системасын 2026-жылдан баштап ишке киргизүү пландалып, ушул тапта техникалык жактан даярдык иштери жүрүп жатканы "Азаттык" жазды.

Регламент боюнча добуш берүүнүн ачык, бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү сыяктуу түрлөрү бар. Депутат кайсы бир маселе боюнча өзү гана добуш бериши керек жана добуш берүү укугун башка депутатка өткөрүүгө тыюу салынат.

Бирок ага карабастан буга чейин эл өкүлдөрү бири-бири үчүн добуш берип койгон учурлар болгон.

Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 29 округдан 87 талапкерди парламенттин депутаттыгына шайланды деп тапты. Ал эми №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылган. Бул округда эми кайра шайлоо өтүшү керек.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи жыйыны 17-декабрда өтүп, жаңы шайланган депутаттар ант беришет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып