Бишкек мэриясы жаш ырчы Насыйкат Бекмырзаеванын операциясына каражат бөлдү
Жаңы жылдык балатыны жагуу боюнча салттуу аземдин алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мэриянын резервдик фондунан бөлүнгөн акчалай сертификатты жаш ырчы Насыйкат Бекмырзаевага тапшырды.
Бул каражат кыздын эки көзүн алмаштыруу операциясын жасоого жумшалат.
Насыйкат Бекмырзаева №5 искусство мектебинде, ошондой эле көрүүсү начар жана азиз балдар үчүн интернатта билим алат. Ал эл аралык конкурстардын катышуучусу болгон.
Бишкек мэриясы бөлүнгөн каражаттар операциянын ийгиликтүү өтүшүнө жана Насыйкат Бекмырзаеванын ден соолугунун калыбына келишине жардам берет деген үмүтүн билдирди.