Аксыда 48 млн сомго бала бакча курулуп жатат
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай–коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, объекттин курулуш иштери быйылкы жылдын март айында башталган. Учурда имараттын ички монтаждоосу жүргүзүлүп, сырткы оюн аянтчалары жасалууда.
Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 48 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери заманбап талаптарга ылайык аткарылып, Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.